Садыр Жапаров: Кыргызстан Борбор Азияда аналогу жок куралдарды сатып алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2023
Жазылуу
Жапаров Россия менен аскердик кызматташуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында учкай айтты.
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кыргызстан Борбор Азияда азырынча аналогу болбогон курал-жарактын жаңы түрлөрүн сатып алды. Бул туурасында президент Садыр Жапаров учурда өтүп жаткан Коопсуздук кеңештин жыйынында айтты.
Ал Улуттук коопсуздук концепциясынын ажырагыс бөлүгү катары КРдин жаңы аскердик доктринасынын долбоорун иштеп чыгуу болгонун эске салды. Кыргызстандын чек арасында жана Борбор Азиянын алыскы аймактарында өлкөгө түз жана кыйыр түрдө таасир эткен процесстер жүрүп жатканына токтолду.
"Дүйнөдөгү чакырыктар менен коркунучтар маалында өлкөбүздүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуубуз өтө маанилүү. Зарыл болгон заманбап куралдарды өзүбүз сатып алдык. Бул пилотсуз учуучу "Байрактар" эмес, башкалары да бар. Өнөктөштөр жана союздаштардан азырынча Борбор Азияда аналогдору болбогон курал-жарактын жаңы түрлөрүн сатып алдык", — деди Жапаров.
Мамлекет башчысы аскердик кубаттуулук кубаттуу техникалар, ракеталар менен бекемделип жатканын белгиледи. Ал Россия менен бул багыттагы жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында учкай айтты.
"...Коргоо министрлиги үчүн жаңы МИ-17 В-5 тик учактарды алдык, кошумча МИ-17 тик учактарын сатып алуунун алдында турабыз. Мамлекетибиздин коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруунун алкагында аба чабуулунан коргонууга камсыздоого жардам бере турган "Печора" модернизацияланган мобилдүү зениттик-ракеталык комплекс сатып алынды. Ушул сыяктуу жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Россия Федерациясы менен аба чабуулунан коргонуунун бириккен региондук системасын түздүк. Муну эми башталышы гана десек болот", — деди Жапаров.
Президент Кыргызстан төрт мамлекет менен чектешерин, жети облустун ар бири чек аралык аймак болуп саналарын белгиледи. 40 административдик райондун 80 пайызы коңшу мамлекеттер менен түз байланышып турарын эске салды.
Россиянын абадан коргонуу системасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2023
Россия менен абадан коргонуу системасын түзүүнүн мааниси канчалык? Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0