Ош менен Баткенде сел жүрүп, жолдор жабылды. Видео

© Фото / пресс-служба МЧССел жүргөн жолду тазалоо. Архив
Сел жүргөн жолду тазалоо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2023
Жазылуу
Ушу тапта жолдор тазаланып жатат.
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Ош менен Баткенде сел жүрүп, жабылган жолдор тазаланып жатканын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.
Жалал-Абаддын Беке-Чал айылынын аймагында (Бишкек — Ош жолунун 414-чакырымы) жүргөн сел түндө саат 23.30да тазаланып, убактылуу жабылган жол эки тараптуу ачылган.
Ал эми Баткенде төрт жерде сел жүргөн:
Ош — Баткен — Раззаков жолунун Охна тилкеси (азырынча жол толугу менен жабык);
Жийделик — Ак-Кыя (жол эки тараптуу жабык);
Бел — Божол (жол жабык);
Ош — Баткен — Раззаков жолунун 125-чакырымы (жолдун бир тилкеси жабылды).
Министрлик жолдорду тазалоо иштери уланып жатканын белгиледи.
Тоо этегиндеги турак үй. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2023
Жер көчө турган аймакта жашаган 2 110 бүлө жардам алса да көчпөй жатат. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0