Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Бишкекте таштанды челектерден акыр-чикирди ташып кеткендерге иш козголот

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүТаштанды контейнерлердин жанындагы адамдар. Архив
Таштанды контейнерлердин жанындагы адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2023
Жазылуу
Контейнерлердин жанына видеокамералар орнотулмай болду.
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Бишкекте эми таштанды челектерден акыр-чикирлерди ташып кетүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу Бишкекти өнүктүрүү жана инвестиция тартуу боюнча агенттиктин директору Курманбек Молдокулов билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Мэрия Бишкектин инфраструктурасын МЖӨ аркылуу кантип өнүктүрөт" аттуу брифингге катышкан. Молдокуловдун айтымында, күзүндө таштандыны кайра иштеп чыгаруучу заводдун курулушу башталат.
© Sputnik / Асел АкматДиректор Агентства развития Бишкека и привлечения инвестиций Курманбек Молдокулов
Директор Агентства развития Бишкека и привлечения инвестиций Курманбек Молдокулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2023
"Мындан улам таштанды товар болушу керек. Таштанды челектин ичиндегинин баары муниципалитеттин менчиги болуп саналат, демек, эч кимдин алып кетүүгө акысы жок. Таштанды заводго жетиши үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары менен биргеликте таштанды тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизебиз. Мыйзам бузгандар жазаланат", — деди Молдокулов.
Ал инвесторлор жаңы контейнерлерди коюп, жанына видеокамера орнотууну сунуштап жатканын айтты.
"Калган челектерге таштанды толгондо белги бере турган датчиктер коюлат. Бул акыр-чикирди ташып кеткен машиналардын ары-бери бош жүрүүсүнө бөгөт коет. Инвесторлор калк ичинде — бала бакчаларда, мектептерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө даяр, социалдык роликтерди тартуу жагы да каралып жатат", — деди Молдокулов.
Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2023
Пресс-борбор
ЕАӨБ Бишкектин жаңы башкы планын иштеп чыгуу үчүн каражат бөлүүгө даяр
Жаңылыктар түрмөгү
0