Суу баскан Төө-Ашуу тоннелинде жүздөгөн автоунаа топтолду. Сүрөт

© Sputnik / Эрмек ЖумагуловТөө-Ашуу тоннели. Архив
Төө-Ашуу тоннели. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Бишкек — Ош жолундагы Төө-Ашуу тоннелинин кире беришинде жүздөгөн автоунаа туруп калды.
Камерадан караганда автокөлүктөр түндүктөн кирип бараткан жагына (Бишкек) топтолуп калган.
© Фото / скриншот с сайта ЭлКатПробка у тоннеля на перевале Тоо-Ашуу
Пробка у тоннеля на перевале Тоо-Ашуу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2023
Буга чейин тоннелдин ичин суу каптап кеткени кабарланган эле. Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев ага таштанды толуп калганы себеп болду деп билдирген. Аткаминер маселе чечилгенин жана туннелди оңдоп-түздөө иштерин тездетүүгө, жаңы асфальт төшөөгө тапшырма бергенин кошумчалаган.
Эске салсак, министрликтен 18-майдан тарта аталган жайда оңдоо иштери башталганын жана ал 30-июнга чейин уланарын, бул маалда автоунаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилерин айтышкан.
Чектөөнүн убактысы:
Саат 5:00дөн 8:00гө чейин;
10:00дөн 12:00гө чейин;
14:00дөн 16:00гө чейин.
Төө-Ашуудагы Кусейин Көлбаев атындагы туннель. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2023
Төө-Ашуудагы суу каптаган туннелдин ичи тазаланды. Министрдин маалыматы
Жаңылыктар түрмөгү
0