Ала-Букада прокуратуранын тергөөчүсү пара менен кармалды. Сүрөт

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРАла-Букада прокуратуранын тергөөчүсү пара менен кармалды
Ала-Букада прокуратуранын тергөөчүсү пара менен кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2023
Жазылуу
Пара алган тергөөчүнү Башкы прокуратура менен УКМК биргелешип колго түшүргөн.
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Жалал-Абаддын Ала-Бука райондук прокуратурасынын имаратында бүгүн саат 09:40тар чамасында прокуратуранын улук тергөөчүсү талап кылган 100 000 сом параны алып жаткан жеринен кармалган. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.
© Фото / пресс-служба ГКНБ КРЗадержание старшего следователя прокуратуры Ала-Букинского района
Задержание старшего следователя прокуратуры Ала-Букинского района - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2023
А.А.К. аттуу бул прокурорду УКМК менен Башкы прокуратура биргелешип колго түшүргөн. Ал эми 100 миң сом кармалган тергөөчүнүн автоунаасынан табылган.
"А.А.К. 100 000 сом пара талап кылып алып жаткан жеринен кармалды. Ал өзү тергеп жаткан О.Э. аттуу жаранга карата Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук сотунда каралып жаткан кылмыш иши боюнча оң чечим чыгаруу үчүн акча талап кылган", — деп айтты маалымат кызматынан.
Коррупцияга каршы кыймылдын жетекчиси кайра колго түштү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2023
УКМК: "Коррупцияга каршы кыймылдын" жетекчиси кайра колго түштү
Жаңылыктар түрмөгү
0