Айлыктын бардыгын банк карталарына которуу каралууда

© Sputnik / Табылды КадырбековБанктык карталар жана миң сомдук купюралар. Иллюстративдик сүрөт
Банктык карталар жана миң сомдук купюралар. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2023
Жазылуу
Бийлик нак эмес акчалардын үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программа иштеп чыкты.
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Кыргызстанда маяналардын бардыгын банк карталарына которуу каралууда.
Министрлер кабинети менен Улуттук банк нак эмес акчалардын үлүшүн 2027-жылга чейин көбөйтүү боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыкты. Күтүлүп жаткан жыйынтыктардын бири — бардык мекеме, уюмдардын, чарбалык субъектилердин кызматкерлеринин айлыгын банктык картага которууга өтүү.
2027-жылы карталардын саны 6,7 миллионго жетери айтылууда. Өткөн жылдагы статистикага таянсак, өлкөдө 5,2 миллиондон ашык карттар колдонулууда. Сөз болгон 2027-жылга чейин карталар аркылуу жасалган операцияларды жылына 128,3 миллиондон 163,8 миллионго жеткирүү каралып жатат.
Акча. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2023
Билип алыңыз! КРде депозиттин кайсы түрлөрү кепилдикке алынган
Жаңылыктар түрмөгү
0