Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Абдраев: финансы секторундагы мыйзамдар прогрессивдүү жазылган

© Sputnik / Асель СыдыковаКыргызстан банктар бирикмесинин төрагасы Анвар Абдраев. Архив
Кыргызстан банктар бирикмесинин төрагасы Анвар Абдраев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2023
Жазылуу
Кыргызстан банктар бирикмесинин төрагасы Анвар Абдраев Борбордук Азия өлкөлөрүнүн банк системасы дээрлик бирдей иштей тургандыгын айтты.
Кыргызстандын финансы секторундагы мыйзамдар прогрессивдүү жазылган. Муну ЕАЭБ мамлекеттеринин жүргүзгөн саясатынан, чечимдеринен байкоого болот. Бул тууралуу Анвар Абдраев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Абдраев: финансы секторундагы мыйзамдар прогрессивдүү жазылган
Анын айтымында, Орто Азияда накталай эмес төлөм жүргүзүүнү активдештирип, системалаштыруу керек.
"Борбордук Азия өлкөлөрүнүн банк системасы дээрлик бирдей иштейт. Бирок кээ бир факторлор боюнча айырмачылыктар бар. Мисалы, Орто Азияда накталай эмес төлөм жүргүзүүнү активдештирип, системалаштыруу зарыл. Бул жагынан Кыргызстандын финансы секторундагы мыйзамдар прогрессивдүү жазылган. Муну ЕАЭБ мамлекеттеринин жүргүзгөн саясатынан, чечимдеринен байкоого болот. Эми бирдиктүү каржы саясат жүргүзүп, аймактагы өлкөлөр бириксе өзгөрүүлөр болот деген ишенич бар", — деди Абдраев.
Ошондой эле адис банк сектору ESG (Environmental, social and governance) принциптерин кабыл алып, жасалма интеллектини туура колдонушу керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0