"Газпромбанк" КР жана РФ компанияларына 500 млн. долларлык насыялык линия ачты

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүү"Газпромбанк" вывескасы. Архив
Газпромбанк вывескасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. "Газпромбанк" кыргызстандык жана россиялык компаниялар үчүн 500 миллион долларлык насыялык линия ачты. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Петербург эл аралык экономикалык (ПЭЭФ) форумунда билдирди.
Анын айтымында, мындан тышкары, россиялык, ата мекендик жана чет элдик компаниялардын иши үзгүлтүккө учурабашы үчүн Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан капиталы 500 миллион долларга жеткен кредиттик линиялар түзүлдү. РКӨФ Кыргызстандагы россиялык жана чет элдик бизнести колдоого даяр.
Куланак ГЭСинин курулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2023
ЕАӨБ Куланак ГЭСинин курулушуна 44 млн. доллар бөлөт
Жаңылыктар түрмөгү
0