Камчыбек Ташиев чек арачыларга үйлөрдүн ачкычын тапшырды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЧек ара кызматкерлери. Архив
Чек ара кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2023
Жазылуу
Эки кабаттуу турак жайда 20 батир болуп, жашоо үчүн заманбап шарттар камсыздалган.
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абадда чек арачылар үчүн курулган жаңы турак үйдүн ачкычтарын тапшырды. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.

"Эки кабаттуу турак жайда 20 батир болуп, жашоо үчүн заманбап шарттар камсыздалган. Балдар ойноочу аянтча, спорт зал, футбол аянтчасы жана башка тийиштүү шарттардын баары каралган", - деп айтылат кабарда.

Ташиев мамлекет жетекчилиги тарабынан кыргыз армиясы үчүн, анын ичинде чек ара кызматын күчтөндүрүү, заманбап курал-жарак, аскердик техникалар менен камсыз кылуу, аскерлердин кызматтык жана жашоо шартын жакшыртуу багытында аткарылып жаткан олуттуу жумуштар тууралуу кыскача айтып өттү.
Шарттарды түзүү менен аскер кызматкерлерине талаптар да күчөтүлгөнун, өлкө чек арасынын бүтүндүгүн камсыз кылууда ар бир аскер кызматкери коюлган талаптарды так аткарууга милдеттүү экенин эскертти.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев паспорту жок жүргөн 32 жаштагы кыргызстандыкка документ тапшырды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2023
Ташиев паспорту жок жүргөн 32 жаштагы жаранга документ тапшырды
Жаңылыктар түрмөгү
0