УКМК кыргыз-өзбек чек арасынан мыйзамсыз өткөн бангладештиктерди кармады

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРУКМК кыргыз-өзбек чек арасынан мыйзамсыз өткөн бангладештиктерди кармады
УКМК кыргыз-өзбек чек арасынан мыйзамсыз өткөн бангладештиктерди кармады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2023
Жазылуу
Чет элдиктерге көмөктөшүүгө өзбекстандык 29 жаштагы М.Н.Р. аракет кылган.
БИШКЕК, 14-июн.— Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган төрт бангладештик жана бир өзбекстандык киши кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.
© Фото / пресс-служба ГКНБ КРПресечение канала незаконного перехода госграницы КР с РУз
Пресечение канала незаконного перехода госграницы КР с РУз - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2023
Алар Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы "Кум" чек ара тилкесинде Кыргызстандан өзбек тарапка чек ара көзөмөл өткөрүү жайынан тышкары өтүүгө аракет кылышкан. УКМК бангладештиктерге көмөктөшүүгө өзбекстандык 29 жаштагы М.Н.Р. аракет кылгандыгын билдирди.
Комитеттен учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын айтышты.
Шектүү Россиянын аймагындагы жашыруун террористтик топтун активдүү мүчөсү болгон. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2023
Сирияга бармак. КРдин чек арасынан мыйзамсыз өткөн чет элдик кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0