Экстремалдуу спортту сүйгөн кыргызстандыктар Россиядагы форумга чакыруу алды

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүРафтинг боюнча мелдештер. Архив
Рафтинг боюнча мелдештер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2023
Жазылуу
Рафтинг — бир нече адам үйлөмө кайыкка отуруп алып, агымы тез дарыяларда сүзгөн экстремалдык спорттун түрү.
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Активдүү жашоону сүйгөн кыргызстандыктар Россиянын Алтай аймагында өтчү "Белая вода Сибири 2023" рафтинг-форумуна чакырылат. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борборунан (Русский дом) кабарлады.
1-10-августта болчу иш-чарага 25 жаштан 35 жашка чейинки кесиби боюнча төмөнкү адистиктерге жакын жаштар катыша алат:
спорт;
спорт журналистикасы;
саякат-блогерлери;
туризмдин активдүү түрлөрүн жактыргандар;
сүрөтчүлөр;
ӨКМ кызматкерлери.
Алар дарыяларды бойлой рафтинг маршрутунан өтүшүп, Россиянын кооз жаратылышы менен таанышат. Ошол эле учурда тажрыйба алмашып, активдүү туризмди өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.
Рафтинг — бир нече адам үйлөмө кайыкка отуруп алып, агымы тез дарыяларда сүзгөн экстремалдык спорттун түрү.
Форумга катышууну каалаган кыргызстандыктар "Русский дом" мекемесине 25-июнга чейин арыз менен кайрылса болот.
Кыргызстандын жана Россиянын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2023
Кыргызстан менен Россиянын билим берүү ведомстволору кызматташат
Жаңылыктар түрмөгү
0