Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү эмнеге азайды? Энергетиктердин жообу

© Sputnik / Акылбек БатырбековТоктогул суу сактагычы. Архив
Токтогул суу сактагычы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2023
Жазылуу
Өткөн жылы ушундай эле көлөм май айынын башында топтолгон. Ал эми 14-июнда 11,1 миллиард кубометр суу болгон.
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Климаттык өзгөчөлүктөргө жана электр энергияга болгон керектөө өскөндүгүнө байланыштуу Токтогул суу сактагычында суу азайды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Электр станциялары" ишканасы кабарлады.
14-июнга карата алынган маалымат боюнча, суу сактагычта 9,1 миллиард кубометрге жетпеген суу бар. Өткөн жылы ушундай эле көлөм май айынын башында топтолгон. Ал эми 14-июнда 11,1 миллиард кубометр суу болгон.
"Жаз айларында республиканын көпчүлүк аймактарында кургакчылык, климат суук болду. Суунун деңгээли климаттык шарттардан көз каранды", — деди маалымат кызматы.
Мындан тышкары, республикада апрель жана май айларында электр энергияны керектөө өткөн жылга салыштырмалуу жогору болгон.
Куланак ГЭСинин курулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2023
ЕАӨБ Куланак ГЭСинин курулушуна 44 млн. доллар бөлөт
Жаңылыктар түрмөгү
0