Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кыргызстандык режиссёрдун "Суу" тасмасы Чеченстанда сыйлык алды

© Sputnik / Асел АкматРежиссёр Жанара Нурбекова
Режиссёр Жанара Нурбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2023
Жазылуу
Режиссёр Жанара Нурбекова "Суу" тасмасы сыйлык алгандан кийин тарткан киносуна болгон ишеничи жогорулаганын айтты.
Чеченстанда өткөн "Золотой витязь" кинофестивалында "Суу" тасмасы калыстар тобунун атайын сыйлыгына татыды. Бул тууралуу кинонун режиссёру Жанара Нурбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Кыргызстандык режиссёрдун "Суу" тасмасы Чеченстанда сыйлык алды
Анын айтымында, "Суу" тасмасы мындан төрт жыл мурда тартылган.
"Бул фильм менин дипломдук ишим. Карантин учурунда тартылып бүткөндүктөн, фестивалдарга жибергим келген эмес. 2023-жылдан баштап тасманын продюсери Стамбулбек Мамбеталиев кинофестивалдарга жибере баштады. "Золотой витязь" кинофестивалынан сыйлык алуу күтүүсүз болду. Ошол эле маалда алгачкы сыйлыгым болгон үчүн жагымдуу сезимдер. Тасма "Суу" деп аталганы менен ичинде бир канча темаларды камтыганга аракет кылдык. Сценарийдин автору сүрөтчү Төлгөбек Койчуманов менен бирге балалыкты да дал ушул кинодо көрсөтүп бердик. Фестиваль аяктагандан кийин фильмди интернет желесине жүктөйм, каалоочулар ошол жактан көрө алат", — деди режиссёр.
Ал аталган тасма балдар менен иштегенди үйрөткөнүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0