Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан коридору менен алгачкы поезд жолго чыкты

© Фото / пресс-служба Министерства транспорта РУзКытай — Кыргызстан — Өзбекстан коридору менен алгачкы поезд жолго чыкты
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан коридору менен алгачкы поезд жолго чыкты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2023
Жазылуу
Жолдун бир бөлүгү Кыргызстан аркылуу өтөт, бул жерде темир жол курулуп бүтө электигине байланыштуу товарды поездден автотранспортко жүктөп алып өтүшөт.
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан мультимодалдык транспорт коридору менен жүк ташыган алгачкы поезд жолго чыкты. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан Транспорт министрлигине таянуу менен жазды.
Келишимге Сиань шаарында өткөн "Кытай — Борбордук Азия" саммитинин алкагында кол коюлган. Ага ылайык, Zhejiang Union of Railway Logistics компаниясы "Узбекистон темир йуллари" акционердик коому жана "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы менен биргеликте Ланьчжоу станциясынан Ташкентти көздөй 30 контейнерден турган блоктук поездди каттамга чыгарды.
9-июнь күнү сапар алган алгачкы поезд Ташкентке 15 күндө жетмекчи. Жолдун бир бөлүгү Кыргызстан аркылуу өтөт, бул жерде темир жол курулуп бүтө электигине байланыштуу товарды поездден автотранспортко жүктөп алып өтүшөт. Күн батареялары, механикалык жабдуу, кездеме жана башка жүктүн жалпы баасы 2,5 миллион доллар деп бааланууда.
Экономист Улукман Мамытов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2023
Радио
Экономист Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун пайдасын тизмектеди
Жаңылыктар түрмөгү
0