Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Ысыкта жүк ташыган унааларга киргизилген чектөөнүн чоо-жайы

© Sputnik / Асель СыдыковаТранспорт жана коммуникациялар министрлигинин транспорттук көзөмөл башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Сыргак Мусаев
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин транспорттук көзөмөл башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Сыргак Мусаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2023
Жазылуу
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин транспорттук көзөмөл башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Сыргак Мусаев жалпы пайдалануудагы жолдордо жүк ташуучу автоунаалар үчүн киргизилген чектөө тууралуу айтып берди.
Күн ысыкта жүк ташыган унааларга жолдо жүрүүгө чектөө киргизилди. Бул тууралуу Сыргак Мусаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Ысыкта жүк ташыган унааларга киргизилген чектөөнүн чоо-жайы
Анын айтымында, чектөө жалпы пайдалануудагы жолдордун сакталышын камсыздоо жана колдонуунун мөөнөтүн узартуу максатында киргизилген.
"Автомобилдер жөнүндө" мыйзамдын 22-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде 29-майда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин буйругу чыкты. Ага ылайык, 2023-жылы жайкысын жалпы пайдалануудагы жолдордо жүк ташуучу автотранспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө киргизилди. Ал 1-июндан 1-сентябрга чейин саат 10:00дөн кечки 20:00гө чейин абанын табы 28 градустан жогору болгондо иштейт. Ошондой эле максималдуу салмак 18 тоннадан ашык транспортторго күн ысыкта жолдо жүрүүгө тыюу салынат. Ошол эле учурда жүргүнчү, гуманитардык жардам, кооптуу жана тез бузулуучу азыктарды ташыгандарга бул чектөө жайылтылбайт. Мындан тышкары, атайын уруксат кагазынын негизинде ири көлөмдө жүк ташыган жана жол куруу үчүн тартылган автоунаалар жүрө алат", — деди Мусаев.
Ошондой эле ал буйруктун аткарылышын транспортту көзөмөлдөөчү 20 пункт жана мобилдик топтор жүргүзө турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0