ЕАЭБде Кыргызстан өнөр жай өндүрүшү боюнча алдыга чыкты. Сандар

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевАйнек чыгаруучу завод кызматкерлери. Архив
Айнек чыгаруучу завод кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин ичинен өнөр жай өндүрүшү боюнча Кыргызстан алдыга чыкты.
2023-жылдын январь-апрелинде Евразиялык экономикалык биримдикте айыл чарба продукцияларын өндүрүү 3,1 пайызга, ал эми өнөр жай тармагы 0,9 пайызга өскөн. Статистикалык мындай маалыматтарды Евразиялык экономикалык комиссия берген.
Көрсөткүчтөрдү карай келгенде, өнөр жай өндүрүшү боюнча Кыргызстан алдыга чыгып 4,6 пайызды камсыздаган. Ал эми айыл чарба продукциялары боюнча көрсөткүч 2 пайыз болгон.
ЕЭКтин экспресс баяндамасында 2023-жылдын январь-апрелинде аталган биримдикте мал чарбачылыгы өрүш алган. 2022-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу малдын жана канаттуунун этин өндүрүү (тирүү салмагы) 2,7 пайызга, сүт – 3,7, жумуртка өндүрүү 2,4 пайызга өскөн.
Бишкектеги Ош базарындагы азык-түлүктөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2023
Кыргызстанда баа 3,2%га өстү. Башка ЕАЭБ өлкөлөрүндө абал кандай
Жаңылыктар түрмөгү
0