Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Стилист: алтынды тойго эмес, жумушка тагынуу керек

© Фото / из личного архива Замиры МолдошевойДизайнер, стилист Замира Молдошева. Архив
Дизайнер, стилист Замира Молдошева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2023
Жазылуу
Дизайнер, стилист Замира Молдошева аксессуарларды пайдалануунун эрежелери бар экенин айтты.
Кыргыз аялдарынын стиль жактан эң көп кетирген катасы — тойго алтын тагынып баруусу. Мындай пикирин Замира Молдошева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Стилист: алтынды тойго эмес, жумушка тагынуу керек
Анын айтымында, алтынды тойго эмес, жумушка тагынуу керек.
"Тойго алтын тагынып барган стилге таптакыр туура келбейт. Биздин айымдардын көбү ушул жерден катачылык кетирет. Муна эске албаганда, жалпы жонунан кыргыз аялдары өзүн карап, жарашыктуу кийинишет. Аксессуар көп нерсени чечип коет. Жөнөкөй эле көрүнгөн көйнөктүн көркүн шляпа, сумка, зер буюмдары ачып коюшу мүмкүн. Арык чырай кыз-келиндер чоң аксессуарларды колдонбошу керек. Жарашыгы жок болуп калат. Бижутерия тагынуунун да өзүнүн эрежелери болот. Кыз узатуу, үйлөнүү үлпөт сыяктуу тойлорго бриллиант же болбосо күмүш тагынган туура. Алтынды болсо эреже боюнча тойго эмес, жумушка тагынуу керек", — деди стилист.
Ал кыргыз аялдарынын көбүнүн мойну кыска болгондуктан ичке аксессуар тагынуу жарашыктуу болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0