Кыргызcтанда "Акылман" президенттик лицейи түзүлдү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевОкуучулар мектепте сабак учурунда. Архив
Окуучулар мектепте сабак учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2023
Жазылуу
Өкмөткө президенттик лицейдин педагогикалык кызматкерлеринин эмгек акысын жакшыртылган шартта төлөө үчүн кам көрүү тапшырылды.
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Садыр Жапаров "Акылман" президенттик лицейи жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Окуп жаткандардын интеллектуалдык, илимий жана чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү, Кыргызстандын өзгөчө зээндүү балдарын колдоо жана дем берүү үчүн зарыл шарттарды түзүү билим берүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири болуп саналары белгиленди.
Бүткүл өлкө боюнча өзгөчө шыктуу балдарды окутуунун жана тарбиялоонун бирдиктүү системасын түзүү, таланттуу жаштарды андан ары колдоо жана сыйлоо, Кыргызстанда интеллектуалдык жактан өнүккөн муунду калыптандыруу максатында, Конституциянын 66, 71-беренелерине ылайык, "Акылман" президенттик лицейи" түзүлдү.
Төмөнкүлөр белгиленди:
"Акылман" президенттик лицейине 6-класста окуп жаткан же аяктап жаткан окуучулар арасынан кабыл алынат;
аталган лицей Билим берүү жана илим министрлигине баш иет.
Министрлер кабинетине:
"Акылман" президенттик лицейинин педагогикалык кызматкерлеринин эмгек акысын жакшыртылган шартта төлөө үчүн кам көрүү;
ушул жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрүү тапшырылды.
Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги "Акылман" президенттик лицейин түзүү жана ишин уюштуруу боюнча чараларды жана ушул жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрүшү керек.
Сабактагы студенттер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.05.2023
Кыргызстанда колледждердин рейтинги аныкталат
Жаңылыктар түрмөгү
0