Жылдын мыкты мугалими, мыкты тарбиячысы. Жаңы жарлык чыкты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСабак өтүп жаткан мугалим. Архив
Сабак өтүп жаткан мугалим. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2023
Жазылуу
Республикалык конкурстардын жыйынтыгын чыгаруу жана сыйлоо аземи кесиптик майрамдын –Мугалимдердин эл аралык күнүнүн алдында, 5-октябрда, өткөрүлмөкчү.
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Кыргызстанда сынак менен жылдын мыкты мугалими жана мыкты тарбиячысы туруктуу аныкталып турат. Бул туурасында жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Мамлекет башчынын маалымат кызматы аталган документте эмнелер каралганын түшүндүрүп берди.
"Жарлыктын милдеттери: педагогикалык кесипти кеңири жайылтуу, мамлекеттик, муниципалдык мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын мыкты мугалимдеринин, мыкты тарбиячыларынын алдыңкы инновациялык педагогикалык тажрыйбаларын жайылтуу", — деп айтылган документте.
Мында билим берүү процессинин сапатын жакшыртууга, мектепке чейинки жана башталгыч, негизги, орто жалпы билим берүүнүн мамлекеттик, муниципалдык билим берүү уюмдарынын жогорку кесипкөй кадрдык курамын түзүүгө, педагогикалык кызматкерлердин эмгектик аброюн жогорулатууга багытталган кадр саясатын ишке ашыруу максаты көздөлгөнү белгиленген.
Сынакка төмөнкүлөр катыша алат:
мамлекеттик жана муниципалдык менчик формасындагы жалпы билим берүү уюмдарынын предметтик мугалимдери жана башталгыч класстарынын мугалимдери, жалпы билим берүү уюмунда мугалимдик кызматта иштегендер;
мамлекеттик жана муниципалдык менчик формасындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячылары, методисттери, мугалимдер, музыкалык жетекчилер, мектепке чейинки билим берүү уюмунда жогоруда көрсөтүлгөн кызматтарда иштегендер.
Документте катары менен сыйлыкты бир эле педагогдун алышына жол берилбестиги айтылган.
"Жылдын мыкты мугалими" жана "Жылдын мыкты тарбиячысы" сыйлыктарын бир эле адамга кайра ыйгарууга жол берилбейт", — деп жазылган жарлыкта.
Республикалык конкурстардын жыйынтыктарын чыгаруу жана сыйлоо аземи кесиптик майрамдын – Мугалимдер күнүнүн алдында, 5-октябрда, өткөрүлмөкчү.
Баткен облусунун Лейлек районундагы 3-эксперименталдык гимназиянын директору Гапыр Мадаминов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2021
Баткендеги кандуу жаңжалда мектебин кайтарган Гапыр агай: ал учурду эстөө оор
Жаңылыктар түрмөгү
0