ЕЭК министри: Кыргызстандын экономикасы өр алды, инвестор бюрократиядан кыйналбайт

© Sputnik / Медиабанкка өтүүЕвразия экономикалык комиссиянын интеграция жана макроэкономика боюнча коллегиясынын мүчөсү (министр) Сергей Глазьев
Евразия экономикалык комиссиянын интеграция жана макроэкономика  боюнча коллегиясынын мүчөсү (министр) Сергей Глазьев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2023
Жазылуу
14-июнда башталган Петербург эл аралык экономикалык форуму 17-июнда аяктайт.
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Ушу тапта Кыргызстандын экономикасы өр алууда, ал эми инвесторлор үчүн бюрократиялык эрежелер кыйынчылык жаратпайт. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиянын интеграция жана макроэкономика боюнча коллегиясынын мүчөсү (министр) Сергей Глазьев айтты. Бул тууралуу Россиянын Соода-өнөр жай палатасынын маалымат кызматы кабарлады.
Глазьев учурда Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Петербург эл аралык экономикалык форумунун программасындагы Россия менен Кыргызстандын экономикалык кызматташуусуна арналган бизнес-диалогдо сүйлөгөн.
Иш-чарага РФ Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Владимир Падалко, Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, Кыргызстандын өнөр жайчылары менен ишкерлер союзунун президенти Данил Ибарев, Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун төрагасы Артем Новиков, РФ экономикалык өнүктүрүү министринин орун басры Дмитрий Вольвач жана башка өкүлдөр катышууда.
Глазьев Кыргызстанды ЕАЭБдин демилгени көп көтөргөн мүчөсү экенин белгиледи.
"Евразиялык тармактык университет түзүүнү да, Ысык-Көлдө экологиялык форум өткөрүүнү да Кыргызстан сунуштаган. Учурда өлкөнүн экономикасы өр алууда, инвесторлор да бюрократиялык эрежелерден көп кыйналбайт. Мындан улам Кыргызстан фармацевтиканы өнүктүрүү үчүн мыкты база боло алат", — деди министр.
Анын айтымында, Кыргызстандын гидроэлектр энергетикасынын атаандаштык жаратчу артыкчылыгы бар, Глазьев "алтын сомдун киргизилиши жаңы дүйнөлүк валютаны түзүүгө өбөлгө боло аларын" кошумчалады.
Эскерте кетсек, 14-июнда башталган Петербург эл аралык экономикалык форуму 17-июнда аяктайт.
Кыргызстандын жана Россиянын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2023
Россиялык борбор Кыргызстанга 370 млн. долларлык экспортту колдоп берген
Жаңылыктар түрмөгү
0