РКӨФ менен Газпромбанк маанилүү документке кол койду. Ал эмне берет?

© Фото / пресс-служба кабинета министров КРРКӨФ менен Газпромбанк маанилүү документке кол койду
РКӨФ менен Газпромбанк маанилүү документке кол койду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2023
Жазылуу
РКӨФ төрагасы Артём Новиков бул Кыргызстандагы кардарларынын инвестициялык демилгелеринин ийгилигинин кошумча кепилдиги экенин белгиледи.
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана Газпромбанк Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда кызматташтыкты кеңейтүүнү жана банктык колдоо көрсөтүүнү макулдашты.
Тараптар меморандумга Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында "Россия — Кыргызстан" бизнес-диалогу учурунда кол коюшту.
© Фото / пресс-служба кабинета министров КРРКФР и Газпромбанк договорились о применении банковского сопровождения при реализации инвестпроектов в КР
РКФР и Газпромбанк договорились о применении банковского сопровождения при реализации инвестпроектов в КР  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2023
Газпромбанктын аткаруучу вице-президенти — келишимдерге банктык колдоолорду көрсөтүү департаментинин башчысы Олег Мельников Газпромбанк кыска мөөнөттө банктык колдоо технологиясын Кыргызстандын кредиттик мекемелерине өткөрүп бергенин жана бүгүнкү күндө механизм активдүү колдонулуп жатканын белгиледи.
РКӨФ төрагасы Артём Новиков фонд түзүлгөндөн бери каражаттардын максаттуу пайдалануусун көзөмөлдөп, бул жаатта алдыңкы тажрыйбаны жана заманбап технологияларды колдонууга аракет кылып келерин кошумчалаган.
"Бул РКӨФтүн Кыргызстандагы кардарларынын инвестициялык демилгелеринин ийгилигинин кошумча кепилдиги жана дагы бир кадамы", — деди РКӨФ башчысы Артём Новиков.
Министрлер кабинетинин маалыматына караганда, Газпромбанк — Россиядагы универсалдуу финансы институттарынын бири. Ал кеңири тармактагы банктык кызматтарды көрсөтөт. Россиянын экономикасында маанилүү делген тармактарды тейлейт жана өлкө көрсөткүчү боюнча ири делген үчтүктү толуктайт.
Гидроэлектростанция. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2023
РКӨФ Куланак ГЭСин жана Чүйгө цемент заводун курууга 89 млн. доллар берет
Жаңылыктар түрмөгү
0