Орус тилчи мугалимдердин эсине! Квалификацияны жогорулатуу мүмкүнчүлүгү жаралды

© AFP / ED JONESНоутбук менен иштеп жаткан кыз. Архив
Ноутбук менен иштеп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2023
Жазылуу
Россиядагы Элдердин достугу университетинин кызматкерлери башка өлкөлөрдөгү мугалимдерге орус тилин чет тил катары окутуу боюнча курстарды уюштуруу жолдорун айтып беришет.
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Россиянын аймагынан сырткары иштеп жүргөн орус тилчи мугалимдер 24-июндан тарта Россотрудничество уюштурган онлайн-семинарга катышып, ал жерден кесиптик чеберчилигин жогорулата алат.
Темасы "Башка өлкөлөрдөгү орус тил мугалимдерине орусчаны чет тил катары окутуу курстарды уюштуруу" деп аталат.
Бир жума ичинде Россиядагы Элдердин достугу университетинин кызматкерлери аларга орус тилин окутуунун интенсивдүү усулдарын, билим берүүчү электрондук ресурстарды пайдалануу жана курс менен үйрөтүүдөгү актуалдуу көйгөйлөрдү чечүү жолдорун үйрөтүшөт. Катышуучулар орус тилин окутуу боюнча заманбап адабияттар жана иштелип чыккан жаңы методикалар менен таанышат.
Иш-чаралардын форматы онлайн вебинарларды жана окуу материалдарына толук жетүүнү камсыз кылган башка иш формаларын камтыйт. Долбоордун ичинде офлайн режим да каралган. Вебинар Zoom аркылуу өтөт.
Окутуунун соңунда бардык катышуучуларга атайын сертификаттар берилет.
"Россотрудничествонун аркасы менен башка мамлекеттердеги орус тил мугалимдеринин кесиптик чеберчилигин арттыруу үчүн арбын иш-чаралар өткөрүлүп келет", — деди аталган университеттин орус тили боюнча экинчи кафедрасынын жетекчиси Марина Куновски.
Методикалык мындай окутууларга катышуу мугалимдерге программанын бардык модулдарын өзгөртүп, кесиптик тажрыйбаларын каалаган учурунда арттырууга мүмкүнчүлүк берет.
Алар:
"Курстук окутуунун өзгөчөлүгү: тез жана кыска мөөнөттөгү курстар";
"Орус тилин интенсивдүү окутуунун ыкмалары";
"Курстук жана жекече билим берүү үчүн окуу-методикалык адабияттар";
"Электрондук билим берүү ресурстарын курстук окутууда колдонуу".
Вебинар үч мөөнөттө — 24-июндан 1-июлга чейин, 9-16-сентябрда жана 21-28-октябрда жүргүзүлөт.
Окутууга катышуу үчүн катталып жана арыздарды электрондук түрдө шилтеме аркылуу жөнөтүүгө болот. Ал эми кызыктырган же түшүнүксүз суроолор болсо kursstudying@mail.ru электрондук дарегине жазып байланыша алат.
Кеткибиз келбей калды. Ошто иштеген россиялык мугалимдердин видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2022
Кеткибиз келбей калды. Ошто иштеген россиялык мугалимдердин видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0