Президент саламаттык сактоо тармагы боюнча кеңешме өткөрүп, ишке нааразы болду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент саламаттык сактоо тармагы боюнча кеңешме өткөрүп, ишке нааразы болду
Президент саламаттык сактоо тармагы боюнча кеңешме өткөрүп, ишке нааразы болду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2023
Жазылуу
Августта Кыргыз-Түрк достук ооруканасынын базасында ички органдарды трансплантациялоо боюнча алгачкы операция жасалат.
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-июнда, өлкөнүн саламаттык сактоо тармагынын актуалдуу маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Анын жүрүшүндө Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү, ошондой эле Кыргыз-Түрк достук ооруканасынын базасында ички органдарды трансплантациялоону уюштуруу мүмкүнчүлүгү каралды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Эскерте кетсек, "Кыргызфармация" ишканасы ушул жылдын 31-мартында түзүлгөн. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө бардык уюштуруу иштери аяктады, 30 миллион сом мамлекеттик насыя алынган, дары-дармек каражаттарын өндүрүү боюнча алдыңкы жети чет өлкөлүк завод менен түздөн-түз келишим түзүлдү.
Бул өлкөдөгү дары-дармектерге болгон муктаждыктын 10 пайызын жабууга мүмкүндүк берет, ошону менен 115 миллион сом үнөмдөлмөкчү. Инсулин, онкологиядагы препараттар, кургак учукка каршы дарыларды жеткирүүгө келишимдер түзүлгөн. Келечекте дары препараттарын жеткирүү боюнча башка чет өлкөлүк заводдор менен кызматташтыкты кеңейтүү жана жаңы келишимдерди түзүү пландаштырылууда.
Баяндаманы угуп, президент "Кыргызфармация" ишканасына толук кандуу иштөө жана өндүрүш заводдору менен жаңы келишимдерди түзүү үчүн азыркыга чейин бюджеттен 1 миллиард сом каражат бөлүнбөгөнүнө абдан нааразы болду. Белгисиз себептерден улам каражат бөлүүнү создуктуруп жаткан Каржы министрлигин, Саламаттык сактоо министрлигин жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун сынга алды.

"Эгер казынада акча жок болсо түшүнмөкмүн, бирок бош акча бар да, биз аны алгач ушул мамлекеттик ишканага бөлүп берүүнү пландаганбыз. Эмне үчүн силер тоскоолдук кылып, алардын нормалдуу иш башташына жол бербей жатасыздар? Алар жети гана дары чыгаруучу завод менен келишим түзүп, муктаждыкты 10 пайызга гана жапты, бирок тапшырма 100 пайыз деп берилген да. Биз мамлекеттик дарылоо мекемелерин, калкты жеткиликтүү баадагы дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча мамилени толугу менен өзгөрткүбүз келет. Өндүргөн заводдордон түз жеткирүүлөрдү ишке ашыруунун эсебинен медициналык препараттардын наркынын төмөндөшүн күтүп жатабыз, бирок силер өз аракетиңер менен ишти жайлатып жатасыңар. Ишканага 1 миллиард сом бөлүп берүү үчүн силерге бир жумалык мөөнөт берилет", — деди Жапаров.

Президент эскерткендей, "Кыргызфармация" ишканасын түзүү саламаттык сактоо тармагындагы системалык реформалардын бир бөлүгү болуп саналат, мамлекеттик саясаттын башкы максаттарынын бири — дары-дармектер рыногундагы фармациялык мафияны жоюу, дарынын калк үчүн баасын төмөндөтүү, ошондой эле медициналык препараттардын тартыштыгына жол бербөө.
Мындан тышкары, кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз-Түрк достук ооруканасынын базасында ички органдарды трансплантациялоону уюштуруу маселеси каралды.
Оорукананын жетекчилиги мекеме мындай операцияларды жасоого даяр экенин, бул үчүн керектүү ресурстар бар экенин маалымдады. Үстүбүздөгү жылдын август айында органдарды трансплантациялоо боюнча биринчи операцияны өткөрүү пландалууда. Келечекте бул оорукана Борбор Азиядагы алдыңкы медициналык борбор болуп, ага башка өлкөлөрдөн да бейтаптар келе алат.
Жапаров кыргызстандыктар эми өтө маанилүү жана кымбат операцияларды жасатуу үчүн алыскы чет өлкөлөргө чыкпай койсо болорун белгиледи. Чет өлкөдө 50-60 миң доллар турган операция Кыргызстанда 10 миң доллардын тегерегинде болот.
Буга байланыштуу президент тиешелүү мамлекеттик органдарга бул маанилүү демилгени ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн Кыргыз-Түрк достук ооруканасынын жетекчилигине ар тараптан колдоо көрсөтүүнү тапшырды.
Кыргыз индустриясы ачык акционердик коомунун вице-президенти, Кыргызстан өндүрүүчүлөр бирлигинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2023
Радио
Өлкөнү дары-дармек менен толук камсыз кылган завод ачылат
Жаңылыктар түрмөгү
0