Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Омурова: Кең Алтай долбоорунун аймагы кеңейип жатат

© Sputnik / Асылбек БактыбековЖусуп Баласагын атындагы чөлкөм таануу жана кыргыз таануу кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор Жамыйкат Омурова
Жусуп Баласагын атындагы чөлкөм таануу жана кыргыз таануу кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор Жамыйкат Омурова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2023
Жазылуу
КУУнун чөлкөм таануу жана кыргыз таануу кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор Жамыйкат Омурова Кең Алтай долбоору жылдан-жылга географиялык жактан чоңоюп жатканын айтты.
"Кең Алтай жана түрк дүйнөсү азыркы мезгилдеги жана тарыхтагы биримдиги, көп түрдүүлүгү" долбоору 2017-жылы Кыргызстандан башталган. Бишкек, Чолпон-Ата шаарларында чоң форум өтүп, долбоорду ушул күндө ишке ашырып жаткан Алтай мамлекеттик университетинин профессорлору келип катышкан. Андан бери долбоор багыты боюнча да, географиялык түзүлүшүндө да бир топко кеңейди. Бул тууралуу Жамыйкат Омурова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Омурова: Кең Алтай долбоорунун аймагы чоңоюп жатат
Окумуштуунун айтымында, аталган долбоорду финансылык жактан Россия Федерациясы колдоп келет.
"Аталган долбоордун алкагында 2019-жылы биздин окумуштуулар Алтайга барып келгенбиз. Башында билим берүү тармагы боюнча гана кызматташсак, учурда илим да кошулду. Ушул жылы сентябрь, октябрь айларында илим багыты боюнча үчүнчү форум өтөт, биз анда өзүбүздүн " байыркы жана орто кылымдагы түрк жана моңгол элдеринин цивилизациясы" деген аталыштагы чоң монографиябызды тааныштырабыз. Аны үч жыл бою 20-30дай төбөсү көрүнгөн илимпоздор биргеликте жазып чыгышты. Мындан сырткары, долбоордо алты чоң багыт бар. Бардык окумуштуулар өздөрүнө тиешелүү багыттар боюнча топторго биригип иш алып барышат. Ошондой эле алтай таануу жана кыргыз таануу Кең Алтай илимий борбору түзүлгөн. Ага көбүрөөк жаштарды тартып жатабыз. Илимий борбор жаш окумуштуулардын тактап айтканда 18-35 жаш аралыгындагы илимпоздордун башын бириктирип форумдарды уюштуруп келет", —деди Омурова.
Ал долбоордун башталышында Алтай Республикасы, Казакстан жана Кыргызстан окумуштуулары эле болсо, учурда түрк тилдүү жети мамлекет, Венгрия жана Монголия окумуштуулары кошулганын билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0