Жапаров Таласта аэропорттун жаңыланган долбоору менен таанышты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров бүгүн, 17-июнда, Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө "Талас" аэропортун модернизациялоо долбоору менен таанышты
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-июнда, Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Талас аэропортун модернизациялоо долбоору менен таанышты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2023
Жазылуу
Аэровокзалдын имараты өткөрүү жөндөмдүүлүгү саатына 100 авиажүргүнчүнү тейлөөгө эсептелгенин айтышты.
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-июнда, Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө "Талас" аэропортун модернизациялоо долбоору менен таанышты. Бул туурасында анын маалымат кызматы кабарлады.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-июнда, Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө "Талас" аэропортун модернизациялоо долбоору менен таанышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-июнда, Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө "Талас" аэропортун модернизациялоо долбоору менен таанышты - Sputnik Кыргызстан
1/4

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-июнда, Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө "Талас" аэропортун модернизациялоо долбоору менен таанышты

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Мамлекет башчысына аэровокзалдын жана аэродромдун жаңы имаратынын курулушу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилген

Мамлекет башчысына аэровокзалдын жана аэродромдун жаңы имаратынын курулушу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилген - Sputnik Кыргызстан
2/4

Мамлекет башчысына аэровокзалдын жана аэродромдун жаңы имаратынын курулушу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилген

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Аэропорттун жалпы аймагы 78, 023 гектар

Аэропорттун жалпы аймагы 78, 023 гектар - Sputnik Кыргызстан
3/4

Аэропорттун жалпы аймагы 78, 023 гектар

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

"Талас" аэропортунун аэровокзалынын жаңы имаратынын курулушунун долбоордук-сметалык документтери бүткөн.

"Талас" аэропортунун аэровокзалынын жаңы имаратынын курулушунун долбоордук-сметалык документтери бүткөн. - Sputnik Кыргызстан
4/4

"Талас" аэропортунун аэровокзалынын жаңы имаратынын курулушунун долбоордук-сметалык документтери бүткөн.

1/4

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-июнда, Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө "Талас" аэропортун модернизациялоо долбоору менен таанышты

2/4

Мамлекет башчысына аэровокзалдын жана аэродромдун жаңы имаратынын курулушу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилген

3/4

Аэропорттун жалпы аймагы 78, 023 гектар

4/4

"Талас" аэропортунун аэровокзалынын жаңы имаратынын курулушунун долбоордук-сметалык документтери бүткөн.

Мамлекет башчысына аэровокзалдын жана аэродромдун жаңы имаратынын курулушу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилген.
Аэропорттун жалпы аймагы 78, 023 гектар. "Талас" аэропортунун аэровокзалынын жаңы имаратынын курулушунун долбоордук-сметалык документтери бүткөн. Долбоордо аэровокзалдын имараты өткөрүү жөндөмдүүлүгү саатына 100 авиажүргүнчүнү тейлөөгө эсептелгенин айтышты. Курулушту 2023-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.
Жаңы аэровокзалда жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн заманбап коопсуздук жана көзөмөл системасы орнотулмакчы. Учуу-конуу тилкеси боюнча иштерде аэродромдун эски жасалма катмарынын авариялык участокторун демонтаждоо боюнча иштер аяктап, анан авариялык участоктордун асфальт-бетон иштери башталган.
"Аэропортторду модернизациялоо долбоорун ишке ашыруу бул жаатта жана жалпы өлкөдө туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө болот. Кыргызстанда туристтерди өзүнө тартып турган табигый кооз жерлер көп. Ошондуктан кыргыздардын меймандостугун жогорку деңгээлде көрсөтүү маанилүү, ал эми бул нерсе аэропорттордон башталары белгилүү. Ошондуктан эл аралык аэропортторду ар тараптан өнүктүрүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири. Биз өлкө боюнча ички каттамдарды калыбына келтирип, бардык аэропортторду ишке киргизүүнү көздөп жатабыз", — деген президент.
Президент жарандык авиациянын бардык эл аралык талаптарына шайкеш келишинин маанилүүлүгүн белгилеп, аэропортту модернизациялоо боюнча иштерди активдештирүүнү белгилеген.
Андан сырткары, курулуш иштерин өз мөөнөтүндө бүткөрүү үчүн колдо болгон ресурстарды мобилизациялоону тапшырган.
Учурда Кыргызстанда аймактардагы аэропортторду модернизациялоо жана ички каттамдарды калыбына келтирүү жүрүп жатат.
Президент Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2023
Ош, Жалал-Абадда жаңы аэропорт курулат. С.Жапаров барып долбоорлорду көрдү
Жаңылыктар түрмөгү
0