Көөнө сөз - Sputnik Кыргызстан, 1920
Көөнө Сөз
“Көөнө сөз” рубрикасында “Манас” эпосунда кездешкен, күнүмдүк жашоодо колдонулбай калган сөздөрдүн түшүндүрмөсү берилет.

"Ичинде калып бышманы, толуп жатат душманы". Манасчынын чечмелөөсү

© Sputnik / Асель Сыдыкова"Манас" театрынын директорунун орун басары, манасчы Нурбек Талантбеков
Манас театрынын директорунун орун басары, манасчы Нурбек Талантбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2023
Жазылуу
"Манас" театрынын директорунун орун басары, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздөрдүн бирин чечмелеп берди.
Ичтеги негативдүү ойлордун жыйындысын "бышман" деп айтса болот. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
"Ичинде калып бышманы, толуп жатат душманы". Манасчынын чечмелөөсү
Анын айтымында, бул сөздү оозеки "бушман" деп колдонгон учурлар да кездешет.
"Өкүнүч, кайгы, санаа, ой деген сыяктуу маанини билдирген "бышман" деген сөз бар. "Ичинде калып бышманы, толуп жатат душманы" деп эпосто ичте сакталган таарыныч, өкүнүч, кайгы, санаа адамдын душманы болорун билдирүүдө. Учурда адистер негативдүү, терс ойлор адамды ичинен жеп, илдетке илештирерин айтып келүүдө. Бул философия илгери Манастын учурунда эле актуалдуу болгонун дал ушул саптардан түшүнсөк болот", — деди Талантбеков.
Ошондой эле ал көөнө сөздөрдү күнүмдүк турмушта колдонуу зарылдыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0