Айрым жерлерде жаанчыл болот. Өлкөдөгү бир апталык аба ырайы

CC BY-SA 2.0 / Chris Vander Hoek / Кол чатыр көтөргөн адам. Архив
Кол чатыр көтөргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2023
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы көпчүлүк күндөрү жер-жерлерде 15-20 метрге жетет.
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Кыргыз гидрометеорология агенттиги өлкөдө 24-июнга чейин аба ырайынын божомолун таратты.

Чүй облусу

18-20-21-июнда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Ал эми 19-22-23-24-июнда жаан-чачынсыз болот.

Талас облусу

18-19-20-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Аптанын калган күндөрү күн ачык болот.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

Өлкөнүн түштүгүндөгү облустарында аба ырайы өрөөндөрдө жаан-чачынсыз болот. Болгону тоолуу райондордо өткүн өтүшү ыктымал.
Бирок 20-июнда түздүктө дагы өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Ысык-Көл, Нарын облустары

Ал эми республиканын түндүгүндө, тескерисинче, жаанчыл болот.
18-14-июнь күндөрү көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Анын ичинен 20-июнь күнү жаан катуу жаайт.
Күндөн калкаланып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2023
Июль ичинде аба ырайы кандай болот. Бир айлык божомол
Жаңылыктар түрмөгү
0