Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Африка өлкөлөрүнүн Украина боюнча тынчтык демилгесин Кремль кандай кабыл алды?

© Sputnik / Медиабанкка өтүүТүштүк Африка Республикасынын президенти Сирил Рамафоса африкалык делегация менен Россиянын презденти Владимир Путиндин жолугушуусу
Түштүк Африка Республикасынын президенти Сирил Рамафоса африкалык делегация менен Россиянын презденти Владимир Путиндин жолугушуусу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2023
Жазылуу
Россия лидери Владимир Путин африкалык делегация менен жолугушууда бир катар маселелер сүйлөшүлдү.
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Африка өлкөлөрүнүн Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча тынчтык демилгелери 10 пунктудан турат. Бул тууралуу Түштүк Африка Республикасынын президенти Сирил Рамафоса африкалык делегация менен Россиянын презденти Владимир Путиндин жолугушуусунда айтканын РИА Новости жазды.

Долбоордо эмнелер жазылган?

Буга чейин Африка өлкөлөрүнүн делегациясы Киевге барып Владимир Зеленский менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
"Африканын жети өлкөсү тынчтык боюнча демилге көтөрүүдө. Биз тынчтыктын жолун издеп жатабыз. Россия менен Украина тынчтыкка келиши үчүн ортомчу болууга аракет кылгыбыз келет. Ошондуктан сиздерге 10 пунктудан турган демилгени сунуштоону туура көрдүк", — деген Рамафоса.
Биринчи пунктуда Африканын тынчтык демилгеси башка геосаясий оюнчулардын сунуштарына каршы келбей тургандыгы айтылган. "Биз маани берүүнү каалаган экинчи учур — бул согуш сүйлөшүү жана дипломатия жолу менен жөнгө салынышы керек деп эсептейбиз. Согуш түбөлүккө уланышы мүмкүн эмес", — деп белгилеген Рамафоса.
Африкалык өкүлдөр үчүнчү пунктуга жаңжалды деэскалациялоону эки тараптан тең көрүүнү каалашканын камтышкан. "Чыңалуу эки тараптан тең төмөндөсө дейбиз", — деген алар.
Демилгенин төртүнчү пунктунда, авторлор БУУнун уставына ылайык, чыр-чатакка катышып жаткан бардык өлкөлөрдү көз карандысыз деп тааный тургандыгы камтылган. Бешинчи пунктуда "бардык өлкөлөр коопсуздук кепилдигине муктаж" деп жазылган.
Алтынчы пунктуда Кара деңиз аркылуу дан ташуу эркин жүргүзүлүшү керектиги боюнча айтылган. Анда белгиленгендей, азыр коюлуп жаткан бардык тоскоолдуктар алынышы керек. Рамафоса бул пункт Африка өлкөлөрүнө түздөн-түз таасир берип жатканына токтолгон. Жетинчи пунктуда "биз жаңжалдан жабыр тарткандарга жана муктаж болуп жаткандарга гуманитардык жардам бериле тургандай кылышыбыз керек", — деп айтылат.
Сегизинчи пункт эки тараптан тең туткунга алынган аскерлерди бошотууга багытталган. "Бул маселе өзгөчө туткунга алынган балдарга тиешелүү, алар жаңжалдын барымтасына алынышты, ал балдар кайдан алып келинсе ошол жакка, өздөрүнүн үйүнө кайтышы керек", — деп белгилеген Түштүк Африка Республикасынын президенти.
Тогузунчу пункт аскердик аракеттерден улам бузулуп, урап калган жайларды кайра калыбына келтирүүгө багытталган.
"Биз кайра калыбына келтирүү аракеттерин колдошубуз керек", — деген ал. Онунчу пунктуда "биз бул согушту токтотууга байланышкан иштерди, процесстерди көргүбүз келет", — деп айтылат.
"Согушту бүтүрүү үчүн көптөгөн жолугушуулар, өз ара алаканын көптөгөн форматтары керек", — деп белгилеген Рамафоса.

Кремль муну кандай кабыл алды?

Константиновск сарайындагы Украина боюнча Африка өлкөлөрүнүн тынчтык демилгелери темасындагы сүйлөшүүлөргө Түштүк Африка Республикасынын президенти Сирил Рамафоса, Сенегалдын президенти Маки Салль, Комор аралдарынын президенти Отман Газали жана Замбия президенти Хакаинде Хичилема катышты. Делегациянын курамында Египеттин премьер-министри Мустафа Мадбули жана Уганда менен Конгонун өкүлдөрү да бар. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Африканын демилгелери боюнча журналисттерге төмөнкүлөрдү билдирди.
"Кандай гана демилге болбосун ишке ашырууда абдан татаал келет. Позицияларды дал келтирүү оор. Бирок президент Путин аны карап чыгууга кызыкдар экендигин билдирип, биздин позиция тууралуу дагы айтты. Демилгенин бардык учурлары биздин позициянын негизги элементтери менен дал келе бербейт, бирок бул ишти улантууга болбойт дегенди түшүндүрбөйт. Африкалык лидерлер дагы, Путин дагы диалогду мындан ары улантуу боюнча өздөрүнүн саясий эрктерин көрсөтүштү. Июль айында Россия — Африка саммитинде Путин менен африкалык лидердерлердин жолугушуусу өтөт", — деген Песков.

Мындан мурунку долбоор

Путин африкалык делегацияга Украинадагы абалды жөнгө салуу боюнча Стамбул келишимин тааныштырды. Ал Украина өкүлү тарабынан 2022-жылы кол коюлган документти көрсөттү.
"Ал ушундай аталат – Туруктуу нейтралдаштыруу жана Украинанын коопсуздук кепилдиктери тууралуу келишим. Дал ошол кепилдиктер жөнүндө. 18 берене... Мындан тышкары, анда дагы бир тиркеме бар. Пунктулар Куралдуу күчтөргө, дагы башка нерселерге да тиешелүү. Аскер техникаларынын санына, Куралдуу күчтөрдүн жеке курамына чейин жазылган. Мына бул документ!" — деп белгилеген Россия лидери.
Анын айтымында, документке украин делегациясы кол койгон, колу турат. "Биз убада бергендей эле Киевден аскерлерибизди чыгарып кеткенден кийин украин бийлиги адатка айланткандай эле мунун баарын тарыхтын таштандысына ыргытып салды. Жумшак айтканда, алар мындан баш тартышты", — деди Путин.
Улуу Британия, Кытай, АКШ, Түркия, Франция жана Беларус Стамбул келишиминде Украина үчүн коопсуздук кепилдиги катары көрсөтүлгөн.
Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Артемовск багытында талкаланган танкы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина күчтөрүнүн кадамына Батыштын ичи чыкпай жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0