Генеральная репетиция парада к 79-летию Победы в Великой Отечественной войне - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Песков: Украинаны демилитаризациялоо тапшырмасы аткарылды

© Фото / POOL / Медиабанкка өтүүРоссиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков
Россиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2023
Жазылуу
Өткөн жылдын февраль айында Россия атайын операцияны баштаганда Путин анын максаттарынын бири Украинаны согуштан баш тарттыруу экендигин айткан.
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Украинаны демилитаризациялоо тапшырмасы чындыгында аткарылды, алар азыр өзүнүн куралдарын азыраак пайдаланып калышты. Мындай билдирүүнү Россиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков айтканын РИА Новости жазды.
"Украина атайын операциялар башталган учурда абдан милитаризацияланган эле. Кечээ Владимир Путин айткандай, коюлган тапшырмалардын бири – аны демилитаризациялоо болчу. Иш жүзүндө бул милдет көп тарабынан аткарылды, себеби Украина барган сайын өзүнүн куралын аз колдонуп жатат, алар көбүнчө Батыш өлкөлөрү жеткирген курал-жаракты пайдаланышууда", — деди ал.
Шейшембиде Россия лидери Украинада жакын арада аскердик-өндүрүштүк комплекси такыр эле жок болорун, анткени аларга ок-дары, курал-жарак, техникалардын баарын чет мамлекеттер алып келип жатканын айткан.
Өткөн жылдын февраль айында Россия атайын операцияларды баштаганда Путин анын максаты – сегиз жыл бою Киев режиминин геноцидинен жабыркаган элди коргоо экендигин айткан. Бул үчүн Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо керектигин, бардык аскердик кылмыштарын сотко өткөрүү зарылдыгын белгилеген.
Россия президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Владимир Путин Украинанын контрчабуулунун абалын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0