20-июнга карата аба ырайы

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүЖамгыр учурунда дарак бутактары. Архив
Жамгыр учурунда дарак бутактары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2023
Жазылуу
Экинчи күнү түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаайт.
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Шейшембиде күндүз өлкөнүн көпчүлүк жеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир аймактарда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +26...+31, Таласта +26...+31, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +31...+36, Ысык-Көлдө +21...+26 жана Нарында +22...+27 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +29...+31, Чолпон-Атада +24...+26 жана Ош шаарында +33...+35 градусту көрсөтөт.
Сел кесепеттери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2023
Тоолуу аймактарда сел жүрөт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты
Жаңылыктар түрмөгү
0