Туроператорлор: Кыргызстанда сервисти жакшыртуу үчүн турсезонду узартуу керек

© Sputnik / Табылды КадырбековТуроператорлор ассоциациясынын президенти Сергей Глуховеров. Архив
Туроператорлор ассоциациясынын президенти Сергей Глуховеров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2023
Жазылуу
Кыргызстанда туристтердин агымы жайкы үч айда гана күчөй турганы белгиленди.
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Кыргызстанда туристтерди тейлөөнү жакшыртуу үчүн турсезонду узартуу керек. Бул тууралуу туроператорлор ассоциациясынын президенти Сергей Глуховеров Sputnik радиосунун эфиринде билдирди.
Анын айтымында, туроператорлор үчүн кызматкерлерди алууда чоң көйгөй бар.
"Бизде туристтик сезон үч айга гана созулат. Ушул үч айга иштеп бере турган адамдарды табуу кыйын. Анткени сезон бүткөндөн кийин алар ишсиз калып жатпайбы. Эл аралык коомчулукка Кыргызстанда абдан кооз жаз айы, кереметтүү алтын күз бар экенин, кышында тоо базаларынан сырткары бүркүтчүлөрдү, тайгандарды, фольклордук шоуларды көрүүгө болорун жеткириш керек", — деди Глуховеров.
Анын айтымында, канчалаган мейманканалар менен ресторандар жумушчуларды кардарлар менен иштешүүгө үйрөтүү үчүн бир сезондук убактысын кетирет. Бирок сезон бүткөндөн кийин адамдар башка жумуш издей баштайт. Кийинки жылы жаңы жумушчуларды кайрадан окутууга туура келет.
Жыргалаң курорту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2022
Пресс-борбор
Туризм департаменти: Жыргалаңда заманбап лыжа базасы курулат
Жаңылыктар түрмөгү
0