"Алые паруса". Мариуполдо бүтүрүүчүлөр үчүн өткөн унутулгус кечтин видеосу

© Sputnik / Александр Сухов / Медиабанкка өтүү"Алые паруса" майрамы
Алые паруса майрамы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2023
Жазылуу
"Алые паруса" — мектеп бүтүрүүчүлөрүнө арналган дүйнөдөгү жалгыз масштабы кеңири майрам.
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Мариуполь шаарында бүтүрүүчүлөр үчүн "Алые паруса" майрамы болуп өттү. Шаңдуу кеченин видеосун РИА Новости жарыялады.
Иш-чарага шаардын мэри Олег Моргун да келип, чоң турмушка аттанган улан-кыздардын кубанычына ортоктош болду.
"Былтыр Мариуполь менен Санкт-Петербургдун ортосунда кызматташуу боюнча макулдашуу түзүлүп, эки калаа боордош болуп калган. "Алые паруса" былтыр да уюштурулган, быйыл дагы кырдаалга карабастан өткөрүүнү чечтик. Бул майрамдын Мариуполь үчүн мааниси чоң", — деди Моргун.
Мэр иш-чара балдарды чоң кубанычка бөлөгөнүн белгиледи.
"Алые паруса" — мектеп бүтүрүүчүлөрүнө арналган дүйнөдөгү масштабы кеңири жалгыз майрам. Биринчи ирет иш-чара 1968-жылы 27-июнда уюштурулган. Бул күнү ленинграддык окуучулар Неванын жээгинен келечекке болгон ишенимдин символу катары кызыл парустуу бригантинаны тосуп алышкан.
Легендарлуу Артекке 98 жыл. Тарыхый видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2023
Легендарлуу "Артекке" 98 жыл. Тарыхый видео
Жаңылыктар түрмөгү
0