"Тазалыктын" башчысы Октябрь районун таштандыдан тазалоого 10 күн убакыт сурады

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүТаштанды ташуучу унаа. Архив
Таштанды ташуучу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын директору Рамиз Алиев Бишкектин Октябрь районунда үйүлгөн таштандыны чыгарып кетүүгө 10 күндүк мөөнөт сурады.
Мэрия жакында эле "БишкекВторРесурс" жеке компаниясы менен түзүлгөн келишимди токтотуп, районду "Тазалык" тейлей баштаган.
Алиевдин айтымында, акыр-чикирди тазалоонун жаңы графигине ыңгайлашуу үчүн убакыт керек. Ал кызматкерлер күнү-түнү иштегенине карабай баары бир жетишпей жатканына кейиген.
"Октябрь районунун тургундарынан кечирим сурайм. Мага убакыт бериңиздер", — деди жетекчи.
Алиев таштанды чыгаруучу график түзүп, айдоочу, жүк ташуучуларды жумушка алып, бюджетти ылайыкташтырышы керектигин белгилеген.
 Бишкектин көчөлөрү үчүн Тазалык муниципалдык ишканасы жаңы контейнерлерди жасады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2023
"Тазалык" жаңы таштанды контейнерлерин жасады. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0