Психолог эмгек өргүүгө чыгып алып да иштей бергендин зыяндуу жактарын түшүндүрдү

© Фото / Pexels / Andrea PiacquadioДевушка работает за ноутбуком на пляже. Иллюстративное фото
Девушка работает за ноутбуком на пляже. Иллюстративное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2023
Жазылуу
Адис адам адаттан тыш чарчап кеткенде ар бирнерсеге кыжырданып, уктап тургандан кийин да чарчоосу канбай, унутчаак болуп каларын белгилеп, жумуш менен эс алуунун, жеке жашоонун чегин таканыктап алууну сунуштады.
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Адамдын ашыкча көп иштегендиги эмнеге алып барат, канткенде жумуш менен жеке жашоону теңдей алабыз? Бул суроолорго Sputnik радиосундагы эфирде россиялык психолог Марина Гогуева жооп берди.
Анын айтымында, эмгек өргүүсүнө чыккан учурда же дем алыш күндөрү да кесиптештери менен байланышта болуп, жумушка байланыштуу маселелерди чечкен адамдар аз эмес. Бул терс көрүнүштөй байкалбаганы менен ашыкча чарчап кетүүгө алып келет.
"Эгерде эмгек өргүүгө чыгып алып да иш процессине кирише берсек, анда биз же эс албайбыз, же иштебейбиз. Албетте, кээде кызматкер өргүүдө же дем алышта болгондо ага өтө зарыл маселелер менен кайрылууга туура келет, бул улам-улам кайталанбашы керек. Кээ бирлер дем алыш күндөрү, өргүү учурунда да мессенжерлерин тынымсыз карап, жумушка байланышкан жүздөгөн билдирүүлөрдү окуп чыгышат. Кийин эмнеге чарчоо, алсыздык болуп жатат деп өздөрүнө таң калышат. Мындайда адам эс алып жатам деп ойлогону менен чындыгында жайгашкан жери эле башка болбосо иштеп жаткан болот. Жеке жашоосу менен жумушун айырмалап бөлүп кароого болбой калат", – деп түшүндүрдү Марина Гогуева.
Адис адам жумушу менен жеке жашоосундагы тең салмактуулукту жоготуп алгандагы белгилерди тизмектеди.
"Биринчи белгиси – ашыкча кыжырдануу. Экинчиси, ал түшкө чейин уктаса деле өзүн эс алгандай сезбейт, мурдагыдай активдүү боло албай калат, бардык нерсеге кызыгуусу жоголот.
Дагы бир белгиси – мурда эч бир жакка кечикпеген так адам кечиге баштайт, жай баракат жүрүп калат, унутчаактык пайда болот. Бул көрүнүштөр адам аз эс аларынан кабар берет", – дейт психолог.
Ал жумуш менен эс алуунун ортосундагы чекти так бөлүп алууну сунуштады.
"Мисалы, кечки саат сегизден кийин смартфонду карабай койгонго көнгөн оң. Дем алыш күндөрү болсо эч нерсе жасабай жатам деп өзүңүздү күнөөлүү сезе берсеңиз, анда "эс алам", "түшкү тамакты ичем", "отурам" деп кагазга алдын ала жазып алыңыз. Эмгек өргүүсүнө чыкканда жумуш боюнча мессенжерлердин билдирүү келгендеги белгисин өчүрүп койгон туура. Ага чейин кесиптештериңизге жумушка байланышкан бардык маселелерди түшүндүрүп, дайындап коюңуз. Жеке жашоо менен жумушту тең салмактоо боюнча атайын бир эрежелер жок, бирок организмдин талаптарына карап жашаш керек. Анткени ар кимдин уйкусу ар кандай убакытта канат, кээ бирлер көп эс алууну каалайт, кээ бирлер тынч эс алгысы келсе, айрымдар активдүү кыймыл коштолгон эс алууларды туура көрөт", – деди Марина Гогуева.
Психолог Айдана Мадишова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2023
Радио
Психолог: үйүндө атмосфера жылуу болбогон киши жумушта ачуулуу болот
Жаңылыктар түрмөгү
0