Президенттин маалымат катчысы телефон алдамчыларынан сак болууга чакырды

© Фото / PexelsТелефон менен сүйлөшүп жаткан адам. Иллюстративдик сүрөт
Телефон менен сүйлөшүп жаткан адам. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2023
Жазылуу
Султанбаев алдангандардын көбү мамлекеттик кызматкерлер экенин белгиледи.
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Эрбол Султанбаев телефондук алдамчылык көбөйгөнүн айтып, жарандарды сак болууга чакырды.
Анын айтымында, көбүнчө мамлекеттик кызматкерлер алдамчылардын курмандыгы болуп жатат.

"Белгисиз бирөөлөр акча алуу максатында жогорку кызматтагы адамдардын, анын ичинде менин атымды сатып алдаган фактылар көбөйдү. Алдангандардын көпчүлүгү мамлекеттик кызматкерлер болуп жатат. Аларга телефон чалып, өлкөнүн жогорку жетекчилиги катышчудай ар кандай иш-чараларга чакырып же кызматтан көтөрүүнү сунушташат. Ишенимге киргенден кийин акча алышат", — деди Султанбаев.

Ал мындай көрүнүштөргө туш болгондо дароо укук коргоо органдарына кайрылууну суранды.
Учурда компетенттүү органдарга телефон аркылуу алдамчылык кылгандарды аныктоо тапшырмасы берилди.
Атайын күчтөрдүн кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2023
Спецназ Ташиевдин уулумун деген кишини уктап жаткан жеринен кармап кетти. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0