Төө-Ашууда 12 чакырымдык жаңы тоннель куруу пландалууда

© Sputnik / Табылды КадырбековАшуудагы тоннелди курууда жумушчу. Архив
Ашуудагы тоннелди курууда жумушчу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2023
Жазылуу
Азыркы тоннелдин узундугу 2,5 чакырым. Ал Бишкек — Ош унаа жолунда деңиз деңгээлинен 3 200 метр бийиктикте жайгашкан.
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Бишкек — Ош жолундагы Төө-Ашууда узундугу 12 чакырымга жеткен жаңы тоннелдин курулушу күтүлүп жатат. Маселени Кыргызстандын экономика министри Данияр Амангелдиев РФ министри Максим Решетников менен жолугушууда талкуулаган.
Тараптар Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында сүйлөшкөн.
Эскерте кетсек, азыркы тоннелдин узундугу 2,5 чакырым. Ал Бишкек — Ош унаа жолунда деңиз деңгээлинен 3 200 метр бийиктикте жайгашкан. Жаңысы андан 1000 метр төмөн болмокчу.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, долбоордун баасы 300 миллион долларды түзөт. Өзүн-өзү 30 жылда актай алары айтылды.
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Россиянын экономиканы өнүктүү министри Максим Решетников менен Санкт-Петербургда жолугушту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2023
Кыргызстан менен Россиянын экономика министрлери Санкт-Петербургда жолугушту
Жаңылыктар түрмөгү
0