Карындашына асылган кишини атып салган адамга өкүм чыкты

© Фото / PexelsСудьянын балкасы. Иллюстративдик сүрөт
Судьянын балкасы. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.06.2023
Жазылуу
Каргашалуу окуя былтыр 1-июлда болгон.
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Токмокко жакын жерде карындашынын намысын коргоп, ага асылган кишини атып салган адамды сот үч жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Чүй облустук соту билдирди.
Маалыматта "адам өлтүрүү" беренеси "аффект абалында адам өлтүрүүгө" алмаштырылганы айтылат.
Каргашалуу окуя былтыр 1-июлда болгон. Аялдамада турган 33 жаштагы келин эртең менен жол тосуп бир машинага отурган. Рулдагы 47 жаштагы И.Р. аттуу киши бир аз жүргөндөн кийин эле аялга асыла баштаган.
Келин эптеп качып чыккандан кийин агасына телефон чалып баарын айтып берген. Андан соң ошол эле жерде жүргүнчү түшүрүп жаткан унаага барып отурган. Бирок И.Р. анын артынан кууп барып, машинанын астын тороп токтотуп, эч бир себеби жок эле аялды уруп-согуп, чачынан тартып сыртка чыгарууга аракет кылган. Ошол учурда агасы келип калып карындашын кордоп жаткан кишини газ-травматикалык тапанча менен атып жиберген. Ал алган жараатынан улам Тез жардам келгенге чейин каза болгон.
Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, карындашын коргогон 36 жаштагы киши Токмок шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген болчу.
Камактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2023
Чүйдө катуу сабалган өспүрүм. Шектүү камакка калынды
Жаңылыктар түрмөгү
0