Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Бир куткаруучу суудагы канча кишиге жооптуу? ӨКМдин жообу

© Sputnik / Асел АкматӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Ленин районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн улук офицери Арген Кабылбеков
ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Ленин районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн улук офицери Арген Кабылбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.06.2023
Жазылуу
ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Ленин районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн улук офицери Арген Кабылбеков эс алуу эрежелерине көбүнесе балдар баш ийбей тургандыгын айтты.
Бир куткаруучу сууга түшүп жаткан 10 балага көз салып турушу керек. Бул тууралуу Арген Кабылбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Бир куткаруучу суудагы канча кишиге жооптуу? ӨКМдин жообу
Анын айтымында, куткаруучулар эс алуучулардын санына жараша болушу кажет.
"Бир куткаруучу сууга түшүп жаткан 10 балага көз салып турушу керек. Эгер эс алуучу жайда элдин саны көп болсо, куткаруучулардын саны да ошого жараша болууга тийиш. Куткаруучу болуш үчүн да талаптарга жооп бериши шарт. Ириде ал адам өзү сүзгөндү жакшы билиши керек. Ошондой эле адам сууга чөгүп бараткан учурда аны сактап калуунун эрежелерин билип, иш жүзүндө аткарганы маанилүү. Атайын окуудан жана машыгуудан өткөндүгү тууралуу баракчалары болууга тийиш", — деди Кабылбеков.
Ал балдардын коопсуздугуна эң биринчи кезекте ата-энеси жооптуу экендигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0