Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Батыш Украинанын негизги тилегин орундатам деп Путиндин тузагына түштү

© AFP / DIMITAR DILKOFFУкраинанын аскер кызматкерлери Харьков облусунда
Украинанын аскер кызматкерлери Харьков облусунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2023
Жазылуу
Батыш өзү казган оруна өзү түшүп бараткандай... Колдо болгондун баары салган украиналык контрчабуулдун майнапсыздыгы эмитен эле сезилет. Киев россиялык коргонуунун биринчи чийинине да жакындабай жатып аскер күчүн да, техникасын да эбегейсиз санда жоготту.
Ирина Алкснис бул жаңжалдагы Батыштын азыркы жагдайына токтолгон. Серепчинин учкай макаласын РИА Новости жарыялаган. Bloomberg агенттиги Европа биримдиги Украинага болгон кезектеги каржылык жардамдын топтомун жарыялай турганын маалымдады. Анын көлөмү 50 миллиард еврону (55 миллиард долларды) түзөт. Басылма европалыктар өздөрүн далай машакатка сала турган милдеттенмелерден качууга тырышып, жардам грант, жеңилдетилген насыя жана кепилдиктер түрүндө берилмекчи.
Ал эми европалык союздаштарынын экономикасын чөктүрүүнү көздөгөн америкалыктарда абал кыйла жеңил. Белгилүү америкалык миллиардер Дэвид Сакс кечээ макаласын жарыялады. Анда автор украиналык контрчабуулдун мизи кайтарылары гана айтылбастан, Жо Байдендин администрациясы туңгуюкка кептелгени баяндалат.
Буга чейин Кошмо Штаттар Украинага 100 миллиард доллардан ашуун каражат бөлгөн. Ал сумманын ири бөлүгү Вашингтондо калганы түшүнүктүү, бирок баары бир Киевге жеткен каражат да маңызсыз сарпталды. Украина Батыш үчүн ресурстун баарын соруп, бирок эч кандай оң пайда алып келбес "кара туңгуюкка" айланып барат. Анткен менен Киев азыркы режим тушунда Москва менен дагы узакка салгылашып, эң башкысы, Батыштын багуусунда калууга кызыкдар. Колдоо сураганын да койбойт.
Украин жоокерлери Бахмуттун жанында өз позицияларында турушат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Столтенберг Украина контрчабуулунун жай жүрүп жаткан себебин түшүндүрдү
Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба жаңжал уланып турганда курал менен жабдуу дайым жетишсиз болорун билдирди. Ошол эле убакта Украинанын мойнуна карыз үйүлүп жатканы аларды түйшөлтпөйт көрүнөт. Ал түгүл бересенин баарын Москваны жеңген соң россиялык репарациялардан кайтарышарын ачык эле айтышат. Жеңилишсе Батыш аз берип, начар колдоп койду деп күнөөнү оодарышат өңдүү. Эмне дейли, өтө ыңгайлуу позиция эмес бекен! Өлкө ушул тапта анын кунун миңдеген жарандын өмүрү менен төлөп жатканы Киевдин оюна да келбесе керек.
Башкалардай эле Дэвид Сакс да Афганстанды мисал келтирүүдө. 20 жыл аралыгында афган кампаниясы дүйнө үчүн супсак маалыматтык өңүткө өтүп кеткен. Ал туңгуюкка кабылып, союздаштардын чыгып кетүүдөн бөлөк аргасы калбаганы айдан ачык болуп калган. Ал эми Украина жаатында жагдай таптакыр башкача. Бир жарым жыл ичинде Батыш саясий жана маалыматтык жактан Россия менен тиреш темасын глобалдык-экзистенциялык каатчылыкка айлантып салды.
Украиналык саясатты азыр дароо алмаштыра салуу АКШ менен Европанын беделине катуу доо кетирип тим болбостон, дүйнө жүзүнүн алдында оор стратегиялык утулууну моюнга алууну туюндурат.
Ансыз да планетанын ар кайсы чөлкөмүндө өз таасирин жоготуп жаткан азыркы убакта Кошмо Штаттар андайга жол бере албайт. Анткени бул аны дагы чоң кыйроого тушуктуруп, тышкы гана эмес, ички да саясий көйгөйлөрдү жаратары турулуу.
Талкаланган Украиналык танк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Эң жаман сценарий ишке ашууда. Украинанын контрчабуулу эмнени көрсөттү?
Жаңылыктар түрмөгү
0