Паракорчулукту жоюуда Япония менен Түштүк Кореянын тажрыйбасы колдонулат. Маек

© Sputnik / Жоомарт УраимовПортфель жана беш миңдик купюра менен адам. Иллюстративдик сүрөт
Портфель жана беш миңдик купюра менен адам. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2023
Жазылуу
Өлкөдө 2021-жылы паракорчулук менен күрөшүү үчүн Коррупцияга каршы ишкердик кеңеш түзүлгөн. Учурда кеңешменин стратегиялык планы жазылып, өкмөттүн кароосуна жөнөтүлдү. Анын алкагында бир катар системалуу иштер жүргүзүлөрү күтүлүүдө.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин катчысынын орун басары Замир Айылчиев жана аталган кеңештин мүчөсү Рапия Исаева болду.
— Коррупция менен күрөш экинчи этабына келип калганын УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев билдирди. Абал кандай?
Рапия Исаева: — 2021-жылы президенттин жарлыгы менен Коррупцияга каршы ишкердик кеңеш түзүлгөн. Күрөш жүрүп жатат. Анын бир далили катары ЖМКлардан күндө бирөө кармалып жатканын көрөбүз. Коррупция менен бизден бөлөк прокуратура, УКМК, ИИМ да күрөшүп жатат. Мындан тышкары, көп жылдан бери иштеген коомдук уюмдар бар. 2022-жылдын биринчи кварталында стратегиялык план иштелип чыгып, 7-8 ай талкууда болду. Көп суроолор берилип, оңдоп-түзөөдөн өттү. Бирок азыр да кабыл алына элек.
© Sputnik / Асел АкматЧлен антикоррупционного делового совета Рапия Исаева
Член антикоррупционного делового совета Рапия Исаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2023
Замир Айылчиев: — Өлкөдө коррупцияга каршы күрөш алгылыктуу жүрүүдө. Кеңештин негизги максаты — коррупциялык абалды мониторингдөө, талдоо жана баалоо. Учурда аталган кеңеш конкреттүү пландардын негизинде иш алып барууда. Мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Мындан тышкары, акы төлөнүүчү кызматтарды аутсорсингге берүү максатталууда. Мында жеке компаниялар мамлекеттин көзөмөлүндө болуп, кызмат көрсөтүүнүн сапаты жакшырып, баасы төмөндөйт. Натыйжада элдин бийликке болгон ишеними артат.
Өздөрүн коррупцияга каршы уюм катары атап алышкан коомдук уюмдар паракорчулукка аралашып бизге сөз тийгизген учурлар да бар. Чынында булар бизге карабайт. Юстиция министрлигинде 24 миңден ашык коомдук уюм катталса, анын 28инин уставында гана коррупция менен күрөшүү белгиленген. Азыр 35 коомдук уюм менен меморандум түзүп иш алып барып жатабыз. Министрликтерде коррупция боюнча өкүлдөрүбүз бар. Аталган стратегиялык план үчүнчү ирет жаңыланып президенттик администрацияга киргизилди. Мамлекет башчынын саясатына каршы иштеген кызматкерлерден көп тоскоолдуктар болду. Бул план кабыл алынса, бир топ жигердүү иштер жасаларына ишенем.
— Стратегиялык план жазарда мониторинг жүргүзүп, анализ жасадыңыздар да. "Коррупция терең тамыр жайып кетиптир" деп жатышат. Каякка чейин жетиптир?
Р.И.: — Коррупциянын тамыр жайып кеткенин мамлекет башчы да, УКМКнын жетекчиси да айтып жатат. Өлкөдө коррупциянын гүлдөшүнө коом да күнөөлүү. Аң-сезимди өзгөртүү керек. Жарандар өз ишин бат бүтүрүп кетүү үчүн акча кыстара коюшат.
З.А.: — Дүйнөлүк коррупцияга каршы күнүнө (9-декабрь) карата Нарын облусунда пилоттук долбоор баштаганбыз. Анын алкагында кайсы мамлекеттик орган өтө коррупциялашканын аныктадык. Муну Кыргызстан боюнча купуя өткөрдүк. Натыйжасын анализдеп стратегияга киргиздик. Коррупция — чоң-чоң империяларды ураткан глобалдык көйгөй. Кыргызстан аны менен күрөштө дүйнөлүк рейтингде 100дөн 27 гана балл алып жүрөт. 30 баллдан ашык алып, Борбор Азиядагы мамлекеттердин алдыңкы сабына чыксак деген тилегибиз бар. Жакында эле Өзбекстанда өткөн семинарга барып эл аралык тажрыйбаларга күбө болуп келдик. Ошол эле Сингапурдун системасын жана Түштүк Корея менен Япониянын паракорчулукту жоюу жаатындагы моделдерин колдонууну колго алып жатабыз. Коррупция менен ар бир жаран күрөшүүсү керек. Азыр пара берүү да, алуу да кылмыш катары бааланып, 10 жылдан 15 жылга чейин кесилип кетет.
© Sputnik / Асел АкматЗаместитель секретаря антикоррупционного делового совета Замир Айылчиев
Заместитель секретаря антикоррупционного делового совета Замир Айылчиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2023
Р.И.: — Стратегиялык планда беш пункт көрсөтүлгөн. Алар мамлекеттик башкаруудагы коррупциялык схемаларды жоюу, сот жана укук коргоо органдары, жергиликтүү органдар, бизнес-сектор жана эң акыркысы мамлекеттик пропаганда. Булардын ичине бажы, ишке орношуу, полиграф — баары камтылган. Планга аткаруу мөөнөтү да кирген. 2024-жылга чейин бул долбоор коррупцияны бир топ азайтат деп ишенебиз.
— Кармалгандардын кээ бирлери акчасын төлөп эле чыгып кетүүдө. Андан аркысы кандай болуп жатканы белгисиз.
Р.И.: — Камчыбек Ташиев өз кайрылуусунда "коррупцияга каршы күрөштүн биринчи этабын бүттүк, эми экинчи этабына киребиз" деди. Экономикалык кризис маалында жегенин эки эсе төлөтүп алуу шарты керек болгонбу деп ойлойм. Бул ишке ашып жатат. Бийлик да түшкөн акчанын суммасын айтып, отчётун берерин билдирди. Эми экинчи этабында чиеленишкен коррупциялык схемаларды системага салып, аёосуз күрөш жүрөрү кабарланды. Ташиевдин сөзүнө ишенебиз. Президент да коррупционерлер камаларын айтууда. Бирок ага карабай аткаминерлердин кылмышка барып жатканы таң калтырат.
— Коррупционер камалганда эле коом өзү "бул биздин бала" деп колдоп чыгат. Элди да коррупция менен күрөшкө даярдоо керек окшойт...
З.А.: — Бул жаатта ар кандай роликтерди тартуу планда бар. Ошол эле убакта толук түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Азыр ар ким өз кызыкчылыгын ойлобостон патриот болушу керек. Сингапурда биринчи орунга мамлекеттик кызыкчылыкты коюшат. Түштүк Кореяда болсо жоопкерчилик жогорку деңгээлде.
Күбөлүккө кол коюлгандан кийин ар бир мекеме менен толук кандуу иштешип, коррупцияны алдын алуу саясий маданиятын коомго калыптандырарыбызга терең ишенем. Аткаминер кызматка беш жылдан ашык отурбашы керек экен. Себеби андан кийин коррупциялык элементтер башталат. Ар бир мекеме жетекчисинен тартып жөнөкөй кызматкерине чейин уурулукка, пара алууга жол бербеши керек. Тендер ачык, так өтсүн. Уурдатпоо үчүн укуктук-базалык документтер болушу керек. Сүйүнткөнү — биздин коом ачык. Кандай кылмыш кылса да баары ашкереленип жатат. Бул жаатта коомдук уюмдар, блогерлер бизге жардам берүүдө.
— Аутсорсингге кайсы мекемелердин кандай кызматтары кирет?
З.А.: — Учурда ар бир министрлик өздөрү тендер жарыялап керектүүлөрүн алышат. Маданият министрлигинде эле 37 мамлекеттик кызмат көрсөтүү бар. Алардын бир бөлүгү акы төлөө аркылуу ишке ашырылат. Кайсы кызматтар экени белгисиз. Жеке компаниялар аутсорсингге берилгени менен мамлекеттин көзөмөлүндө болот. Алар коррупция жасабайт. Бул компанияларга чоң жоопкерчилик жүктөлөт жана бюджети ачык турат. Маалымдама аркылуу акчалар мамлекеттик казынага түшүп турат. Азыр махинация кылгандар көп. Өздөрү план түзүп иш алып барган кызматтар да болушу мүмкүн. Мунун баарын аныктоо зарыл. Коррупцияга каршы ишкердик кеңеш кылмышты алдын алуу жаатында иш жүргүзөт. Биз эч кимди камап же тергей албайбыз. Болгону профилактика жасайбыз.
Курулуп жаткан көп кабаттуу үй. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2023
4 пайыздык социалдык ипотеканы ким кантип алат? Жол-жобосу тууралуу маек
Жаңылыктар түрмөгү
0