Ысык-Көлдө Садыр акенин 200, Кыдыр акенин 180 жылдыгы белгиленет

© Sputnik / Табылды КадырбековМайрамдын иш-чаранын катышуучулары. Архив
Майрамдын иш-чаранын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2023
Жазылуу
Мааракелер бир катар маданий иш-чаралар менен коштолмокчу.
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунда Ысык-Көлдө Жолболду уулу Садыр акенин 200 жана Байсары уулу Кыдыр акенин 180 жылдыгына арналган "Улут баскан улуу жол" аттуу этнофестиваль өтөрүн президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү кабарлады.
Анын алкагында Касымалы Жантөшев атындагы облустук музыкалык драма театрында кыргыз-казак акындарынын эл аралык айтышы, "Хан боз үйлөр жана каада-салт" сынагы өтүп, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери жана шырдак дүйнөсү, этномода көрсөтүлөт. Так теке, салттуу музыка жаңырып, элдик көчө театры жана "Шайыр апалар" тобу өнөрүн тартуулайт.
"Этнофестивалды кыргыз эстрада жылдыздары коштойт, гала-концерт саат 20:00дө башталат", — деп айтылат маалыматта.
Кыдыр Байсары уулунун (Кыдыр Аке) эстелик бюстту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2021
Кыдыр аке тууралуу 15 факты. Петербургда Николай IIге жолборстун күчүгүн тартуулаган
Жаңылыктар түрмөгү
0