Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кыргызстанда ачыла турган дары заводуна 1000дей фармацевт талап кылынат

© Sputnik / Асел Акмат"Биофармакс АВА" ЖЧКсынын башкы директору Жыргалбек Сагынбаев. Архив
Биофармакс АВА ЖЧКсынын башкы директору Жыргалбек Сагынбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2023
Жазылуу
"Биофармакс АВА" ЖЧКсынын башкы директору Жыргалбек Сагынбаев израилдик компаниянын Кыргызстанда ачылып жаткан туунду ишканасына жүздөгөн жергиликтүү фармацевт жумушка алынарын айтты.
Бишкек эркин экономикалык аймагында курулуучу дары чыгарган заводдун кампалары ЕАЭБдин талаптарына жооп берет. Бул тууралуу Жыргалбек Сагынбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Кыргызстанда ачыла турган дары заводуна 1000дей фармацевт талап кылынат
Анын айтымында, аталган компания иштин башталышында эле Орто Азия, Россия, Пакистан, Индонезияга дары экспорттоону мерчемдеп жатат.

"Израилдик компания алгач биздин Кыргызстанга дары чыгарган завод куралы деген сунушубузду көп кабыл алган эмес. 7 миллион калкы бар өлкө биз үчүн кичинекей деп коюшкан. Бирок биз бир жыл бою маалымат жеткирип, жүргүзгөн анализдерибизди жиберип отуруп алардын оюн өзгөртө алдык. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында өлкөдө израилдик фармацевтикалык компаниянын туундусу ачылып, дары чыгарган завод курулмай болду. Долбоордун сметалык жалпы баасы 150 миллионго бааланууда. Дары сактаган кампалары эл аралык стандарттарга туура келген, израилдик технология менен дары-дармек чыгарган компаниянын продукциясы адал сертификатына да ээ болот. Бул жерге азырынча 1000дей фармацевт керектелет деп божомолдоп жатабыз. Персоналды медициналык академия менен түзгөн келишимдин алкагында студенттерди тажрыйба топтоого чакырып жана бүтүрүүчүлөрдү ишке алуу менен толуктайбыз. Ошондой эле жеке менчик компанияларда иштеп жүргөн фармацевттерди да жумушка чакырабыз. Завод алгач инсулин чыгарат. Аны менен биринчи кезекте өлкөнү камсыздайт, андан соң Орто Азияга, Пакистан жана Индонезияга экпорттойт. Ал эми Россия Федерациясы, бизде завод куруларын айтсак, 21 фармацевтикалык ишкананын жетекчилерин чогултуп жыйын өткөрүп берди. Анын алкагында Россияга инсулин шприцтерин жиберип турмай болдук. Алгач эле алар 11 миллиард рублге буюртма берип жатышат", — деди Сагынбаев.

Ал чет элдик компаниянын туунду ишканасын Кыргызстанга ачуу төлөнгөн салыкты өлкө казынасына түшүрүү максатын көздөй турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0