82 жыл мурда фашисттик Германия СССРге капыстан кол салган. Тарыхый видео

© Sputnik / Анатолий ГаранинМобилизация. Согушкерлердин колонналары фронтко жылып баратат. Москва, 23-июнь, 1941-жыл.
Мобилизация. Согушкерлердин колонналары фронтко жылып баратат. Москва, 23-июнь, 1941-жыл. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2023
Жазылуу
1941-жылдын 22-июнунун таңында фашисттик немецтер союздаштары менен СССРге кол салып, Улуу Ата Мекендик согуш (1941-1945) башталган. Бул СССР элдери нацисттик Германияга каршы курал алып аттанган салгылаш эле.
...Таңда Германия кабарын билдирбей авиация менен аэродром, темир жол түйүндөрүн, деңиздик аскердик базаларды, аскерлер турчу жайларды, чек арага 200-300 метр чукул жайгашкан шаарларды бомбалап кирип келди.
Бул учурда фашисттик Германия Европанын өлкөлөрүн каратып алганы менен совет элинен болуп көрбөгөндөй кубаттуу "жооп" алган.
Кыйын кырдаалда СССРге каршы Германияга кошулуп Румыния, Италия каршы чыгышкан, бир нече күндөн кийин Словакия, Финляндия, Венгрия, августтун ортосунда Норвегия кошулуп кеткен.
Совет эли душманга бир билекке күч топтоп, бир тарамышка түйүлүп, эбегейсиз кайраттуулук менен өрт кечкенине, өлүк аралаганына, ачкачылыкка, аяздуу суукка моюн бербей каршылык менен жооп кайтарды. Миллиондор Ата Мекен үчүн жанын берди. Эл кайгы жутту, бирок эрки майтарылган жок.
Улуу Ата Мекендик согуш 1 418 күнгө созулган. 1945-жылдын 9-майында фашисттик блокко кирген өлкөлөрдүн толук талкаланышы менен аяктаган. Андагы адам жоготууларынан жүрөк түтөйт. Согуш жылдарында СССР 26,6 миллион адамынан ажыраган. Алардын ичинен 8,7 миллиондон ашууну согуш талаасында курман болгон, 7,42 миллион адам оккупацияланган аймактарда фашисттер тарабынан атайылап жок кылынган. 4,1 миллиондон ашыгы оккупациялык режимдин катаал шарттарынан курман болгон.
Кыргыз ССРинен Улуу Ата Мекендик согушка 365 миң адам катышып, 152 миңден ашууну курман болгон. Калганы ар кайсы жылдары кайтып келген.
Окурмандарга тартууланган видеодо сөз болгон Брест чебинде, тарыхый документтерде айтылгандай, кыргыз жоокерлери да жан аябай салгылашкан. Алардын канчасынын ошол кандуу булоондо чым жазданганын так билбейбиз. Австриялык 45-аткычтар дивизиясынын офицерлери аталган чеп үчүн урушта советтик тараптагылардын ичинен "бизге чептин ичиндеги кыргыз полку айыгышкан каршылык көрсөттү" деп расмий документтерде белгилешкен. 2010-жылы аталган тарыхый фактыны Германиянын архивинен россиялык тарыхчылар Ростислав Алиев, Андрей Ефименко жана Юрий Фомин тапкан. Бул туурасында колумнист Алмаз Батилов менен маегинде Ростислав Алиев айтып берген.
Колхоздун жумушчусу бала менен уйунун урандыларынын жанында. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2023
Нацисттердин СССР элин кырып салуу боюнча планы биринчи ирет толук жарыяланды
Жаңылыктар түрмөгү
0