Шаар мэри "Бишкек суу канал" менен Ленин районунун башчыларына сөгүш жарыялады

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров. Архив
Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2023
Жазылуу
Калаа башчысы иш жыйында бир катар тапшырмаларды берди.
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров "Бишкек суу каналдын" жетекчиси Таалайбек Орозов менен Ленин районунун акими Мураталы Тагаевге сөгүш жарыялады. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалыматка караганда, элди суу менен камсыздоодо жетиштүү иш жүргүзүлбөгөндүгүнө байланыштуу ушундай жаза каралган.
Абдыкадыров муниципалитеттин жыйынында шаардык кызматтарга скважиналарды казуу, жолдор менен тротуарларды куруу тапшырмасын берди.
Мындан тышкары, калаа жетекчиси райондук билим берүү борборлорунун жетекчилерин ротациялоону тапшырды. Ал эми Билим берүү департаментине "Бишкек наабайкана" муниципалдык ишканасынан билим берүү уюмдарына нан алуу маселесин карап, сунуш киргизүү тапшырмасы берилди.
Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаментинин директоруна эксплуатациядан чыккан автобустарды алып салуу боюнча иштерди соңуна чыгаруу, "Бишкектин жол-транспорттук системасынын концепциясын өнүктүрүү" долбоорунун үчүнчү этабын ишке ашыруунун алкагында жолдорду куруу тапшырылды.
Мэр райондордун башчыларына курулуп жаткан объектилердин тышкы тосмолорунун көрүнүшүн жакшыртуу, ведомстволордун алдындагы аймактарды көрктөндүрүү зарылдыгын эскертти.
Ал эми Муниципалдык мүлк башкармалык департаментинин директоруна автоматташтырылган автоунаа токтотуучу жайларды уюштуруу тапшырмасы берилди.
Шлангдан агып жаткан суу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2023
Бишкекте суу түтүк, канализацияны пайдаланууда эреже бузгандарга айып салынды
Жаңылыктар түрмөгү
0