Кыргызстанда баңгизатка көз карандылардын саны 8 миңге жакындайт

© Фото / Pexels / MART PRODUCTION Баңгизат менен кыз. Иллюстративдик сүрөт
Баңгизат менен кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2023
Жазылуу
БУУнун маалыматы боюнча, 2020-жылы дүйнө жүзүндө 15 жаштан 64 жашка чейинки 284 миллион адам баңгизат колдонору белгилүү болгон. 2010-жылдан бери баңгилердин саны 26 пайызга көбөйгөн.
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо борбору психотроптук заттарды колдонуу көп жайылып жатканын эскертип, коңгуроо кагууда. Борбордон өспүрүмдүн мындай жолго түшкөнүн байкоо үчүн төмөнкү белгилерге көңүл буруу керектигин айтышты.
Сырткы белгилери:
териси кубарат;
көздүн кареги чоңоюп, же тескерисинче, кичирейип кетет;
көзүнүн ичи бозорот же кызарат;
кыймылы адаттагыдан тез, кескин же жай болуп калат;
сүйлөгөндө сөздөрү түшүнүксүз болот;
кыймылын жөндөөсү төмөндөйт.
Кыймыл-аракеттердеги белгилер:
айланасында болуп жаткан нерселерге өтө кайдыгер карайт;
көп учурда үйдө жок болот, мектепке (жогорку окуу жайга) барбай сабактан кача баштайт;
көңүлү бир жерде болбойт, эске тутуусу начарлайт;
сынды агрессия менен кабыл алат;
маанайы бат-баттан же күтүүсүздөн өзгөрөт;
акча сурап алуунун түрдүү амалын ойлоп табат;
үйдөгү баалуу буюмдар, кийим-кече жана башка буюмдар жоголушу мүмкүн;
шек жараткан жаңы достору пайда болот;
табити жоголуп арыктап кетет, кээде, тескерисинче, тамакты аябай көп жеп калат;
каратып туруп калп айтат же бардык абалдан чыгып кетүүнүн жолун табат, тынчсызданып жүрөт;
ата-энеси жана үй-бүлө мүчөлөрү менен мамилеси солгундайт;
уйкусуздуктан кыйналат, өзүнөн-өзү ачууланат же дайыма алсыз жүрүп, көп уктайт;
телефондо бирөөлөр менен сизге түшүнүксүз сөздөр, көчө сөздөрү менен сүйлөшүп калат.
Борбордон маалымдашкандай, жыл сайын 26-июнда дүйнө жүзүндө Баңгизатты колдонууга жана аны мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү күнү белгиленет. Буга байланыштуу Республикалык психиатрия жана наркология борбору Ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борбору (CDC) менен биргеликте "Өмүрдү сактап калыңыз. Баңгизат тууралуу фактыларды айтыңыз" аттуу улуттук кампания өткөрөт.
БУУнун маалыматы боюнча, 2020-жылы дүйнө жүзүндө 15 жаштан 64 жашка чейинки 284 миллион адам баңгизат колдонору белгилүү болгон. 2010-жылдан бери баңгилердин саны 26 пайызга көбөйгөн.
"Ушул жылдын 1-апрелине карата Кыргыз Республикасында баңгизатына көз каранды деп катталган адамдардын саны 7672ни түзгөн, алардын ичинен 442си аялдар болсо, 7230у эркектер. 26-июнда баңгизаттын кесепети тууралуу социалдык тармактардан бөлүшүүгө чакырабыз", — деп айтылат маалыматта.
Жаштар баңгизат менен кармалууда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2023
Жаштар баңгизат менен кармалууда. Ош шаардык милициясы эскертүү берди
Жаңылыктар түрмөгү
0