Кыргызстандык ишкерлер AliExpress платформасына каттала алабы?

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүAliexpress компаниясы. Архив
Aliexpress компаниясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2023
Жазылуу
Азырынча AliExpress аркылуу товар сатуунун эки гана жолу бар экени белгиленди.
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Жыл соңуна чейин платформаны ишке киргизүү пландалып жатат. Анда кыргызстандык ишкерлер каттоого тура алат. Бул тууралуу AliExpress компаниясынын мамлекеттик органдар менен иштешкен директорунун орун басары Сергей Лебедев E-COMKG 2023 эл аралык форумунда билдирди.
Бул — Кыргызстандын маркетплейстериндеги бизнеске арналган биринчи конференция.
Лебедевге AliExpress платформасынын шарттары жана бул аянтчага кантип кирүүгө болору тууралуу суроо узатылды.
"Эгер сиз AliExpress аркылуу саткыңыз келсе эки жолу бар. Биринчиси — юридикалык жак катары Кытайдан каттоого туруп, ошол жактан сатуу", — деди ал. Бул сөздөр залда отургандарды күлкүгө салды.
Экинчи жолу — KazanExpress ишканасына катталуу. Бирок бул локалдык маркетплейс болгондуктан Россияда гана иштейт.
"Эгер Кыргызстанда туруп сатууну кааласаңыздар, анда бир аз күтө туруңуздар. Учурда локалдык соода платформасы жакшыртылууда. Анын арты менен бирикмеге кирген мамлекеттердин жана Түркиянын соодагерлерине кошулууга мүмкүнчүлүк түзүлөт", — деди Лебедев.
Ал ошондой эле аталган соода платформасын жыл соңуна чейин ишке киргизүү пландалып жатканын айтты.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2023
Жапаров: популярдуу маркетплейс байпак сатып алышым керектигин эскертип турат
Жаңылыктар түрмөгү
0