Кытай элчилиги: Байдендин Си Цзиньпин тууралуу сөзүнүн кесепети оор болот

© AFP / SAUL LOEBАКШ президенти Жо Байденд жана КЭР лидери Си Цзиньпин. Архив
АКШ президенти Жо Байденд жана КЭР лидери Си Цзиньпин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2023
Жазылуу
Байден бул сөздү АКШ мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Кытайга болгон расмий сапары бүтүп-бүтө электе айткан.
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Пекин АКШ президенти Жо Байдендин КЭР лидери Си Цзиньпин тууралуу айткан сөзүн саясий чагымчылык деп эсептейт. Бул тууралуу CNN Кытайдын Вашингтондогу элчилигине таянуу менен жазганын РИА Новости билдирди.
"Байден буга чейин АКШ Кытай системасына урмат менен мамиле жасай турганын жана аны өзгөртүүгө аракет жасабай турганын айткан. Бирок кечээ жакында өлкөнүн саясий системасы жана жогорку жетекчиси тууралуу айткан сөзү көп суроону жаратууда", — деген элчиликтин өкүлү.
Дипломат Вашингтонду айтылган сөздөн баш тартууга чакырды, болбосо анын кесепети оор болуп, бардык жоопкерчилик АКШга жүктөлөрүн белгиледи.
Андан соң Ак үйдүн өкүлү Жон Кирби Байден Кытай лидери тууралуу оюнан кайтабы деген суроого президент "ачык" сүйлөөнү мындан ары да уланта берерин айтты.
Эскерте кетсек, Байден шейшемби күнү Си Цзиньпин Америка асманында атып түшүрүлгөн кытай аэростаты тууралуу жетиштүү маалыматка ээ боло албаганына нааразы болгонун, мындай жагдай "диктаторлорго катуу тиерин" билдирген.
Байден муну АКШ мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Кытайга болгон расмий сапары бүтүп-бүтө электе айтты. Вашингтондун Кытай менен АКШнын салкындай түшкөн мамилесин дал ушул Блинкендин сапары оңойт деген үмүтү чоң болчу.
Кытай тарап Байдендин сөзү дипломатиялык этикетти бузарын белгилеп, ачык саясий чагымчылык деп сыпаттады.
Ал эми кытай аэростатына байланышкан окуя ушул жылдын февраль айында болгон. АКШ аймагынан учуп өткөн аба шарын Атлантиканын үстүнөн атып түшүрүшкөн. Вашингтон аэростат чалгындоо жүргүзүп маалымат чогулткан десе, Пекин аны жокко чыгарып келет. Кытай бир нече ирет кеп жоголгон жарандык метеозонд тууралуу жүрүп жатканын айткан.
АКШ президенти Жо Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2023
Кытай ТИМи Си Цзиньпинди диктатор деген Байденге жооп берди
Жаңылыктар түрмөгү
0