Bayraktar дронун 2025-жылдан тарта Украинада өндүрүү пландалууда

© AP Photo / Efrem LukatskyBayraktar пилотсуз учуучу аппарат. Архив
Bayraktar пилотсуз учуучу аппарат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2023
Жазылуу
Киев облусунда заводду куруу үчүн жер участогу сатып алынган.
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Түркиялык Baykar компаниясы 2025-жылы учкучсуз учуучу Bayraktar TB2 жана Bayraktar Akinci аппараттарын Украинада чыгарууну пландап жатат. Бул тууралуу РИА Новости компаниянын башкы директору Халук Байрактарга шилтеме берип жазды.
Түркиядагы элчи Василий Боднар 2022-жылдын август айында Baykar Украинада сокку уруучу дрондорду өндүргөн завод кура турганын, бул үчүн жер участогун дагы сатып алганын билдирген.
Компания заводдун концепциясын Киев облусунда көрсөткөн. Байрактардын айтымында, Украинадагы Baykar борборунун жалпы аянты 30 миңден ашык чарчы метрди түзмөкчү. Ал эми украиналык инженерлер менен техниктердин саны 300дөн ашат.
Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Украинанын Коргоо министрлигинин жерлер менен фонддорду коргоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Борис Закутний объектини куруу үчүн бериле турган жер макулдашылганын айткан.
Түркиялык бизнесмен Defense News басылмасындагы интервьюсунда курулуш иштери план боюнча жүрүп жатканын жана борбордун ачылышы 2025-жылга пландалганын билдирген.
"Даярдык иштеринин көпчүлүк бөлүгү аткарылууда жана объектиге июль айында электр энергиясы жеткирилери күтүлүүдө", — деди Байрактар.
Ал компания Түркиядан тийиштүү лицензиялык уруксат алганын кошумчалаган.
Россия буга чейин Украинага курал жеткирген НАТО мамлекеттерине нота жөнөткөн. ТИМ башчысы Сергей Лавров Украина үчүн курал ташыган бардык жүктөр Россиянын мыйзамдуу бутасы болорун белгилеген. Президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков Батыштын Украинаны курал менен камсыздоосу россиялык-украиналык сүйлөшүүлөргө терс таасир берүү менен ийгилик алып келбей турганын эскерткен.
Украиналык аскерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
InfoBRICS: Украинанын "доору" бүттү, Батыш эми жаңы фронт ачат
Жаңылыктар түрмөгү
0