УКМК: прокуратура кызматкери 20 миң доллар алып жаткан учурда кармалды

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРПрокуратура кызматкери 20 миң доллар алып жаткан учурда кармалды
Прокуратура кызматкери 20 миң доллар алып жаткан учурда кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2023
Жазылуу
Шектүү арызданган тараптан 50 миң доллар опузалап талап кылгандыгы айтылды.
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Чүй облустук прокуратурасынын башкы адиси 20 миң доллар пара алып жаткан учурда кармалды. Маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.
© Фото / пресс-служба ГКНБ КРЗадержание сотрудника прокуратуры при получении взятки
Задержание сотрудника прокуратуры при получении взятки - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2023
Маалыматка ылайык, арыздануучу тарапка буга чейин текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Прокуратура кызматкери бул текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен ага кылмыш ишин козгобоо үчүн андан 50 миң доллар талап кылган.
Шектүүнү кармоо иштерин УКМК Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы менен биргеликте жүргүздү.
Коррупциялык схема түзүп, өлкөдөн чыгып бараткан чиновниктер кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.06.2023
Коррупциялык схема түзүп, өлкөдөн чыгып бараткан чиновниктер кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0