Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Кыргызстанда маалымат катчыларга TikTok боюнча мастер-класс өтүлдү. Видео

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин журналисттери TikTok тармагында аккаунтту алдыга жылдыруунун жана ага ылайыктап сүрөт менен видео тартуунун жолдорун айтып берди.
Редакциянын журналисттери Гүлдана Талантбекова жана Аяна Байтемирова SputnikPro долбоорунун алкагында Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда мастер-класс өткөрдү. Иш-чарага мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын маалымат катчылары катышты.
Талантбекова биринчи кезекте TikTok киргизген эрежелерди сактоо керектигин билдирди.
"Эң биринчи кезекте TikTok киргизген эрежелерди сактоо керек. Анда видеодо эмнелерди көрсөткөнгө болот же болбойт деген нерселер камтылат. Ролигиңиз техникалык жактан канчалык сапаттуу, эффективдүү же тренд болбосун, эреже бузуу болсо ал блоктолуп же өчүп калат. Эгерде мындай нерселер кайталана берсе, баракчаңыз толук жабылып калышы ыктымал", — деди ал.
Ал эми Байтемирова смартфон менен кантип туура сүрөт, видео тартып монтаждоо керектигин көрсөтүп берди.
"Мобилография жаңы кесиптердин катарына кирип, телефондун жардамы менен каражат табуучу ыкмага айланды. Видео же сүрөт сапаттуу чыгуусу үчүн телефонго тартып баштаардан мурда анын камерасын сүртүүнү адатка айлантуу зарыл. Анткени билинбегени менен телефондун камерасынын айнегинде чаң же колдун изи калып калышы мүмкүн", — деди Байтемирова.
Белгилей кетсек, Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги TikTok аккаунттарын иштетип баштаганына бир жылдан ашты. Учурда орусча баракчабызда 500 миллиондон ашуун, кыргызча баракчабызда 300 миңден ашуун катталуучу бар. Бул Кыргызстандагы Жалпыга маалымдоо каражаттарынын ичинен аталган тармакта эң көп катталуучусу бар аккаунттар болуп эсептелет.
Тема боюнча:
Sputnik мобилографы: туура композиция тандоонун бир мыйзамы бар
Жаңылыктар түрмөгү
0